Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Дайыр Асанов  
27.03.2017
Дайыр Асанов
27.02.2013
Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Д. Асанов 1922-жылы 30-майда Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында туулган. 1942-жылы ноябрда Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1943-жылдан баштап 31-жеңил артиллериялык полкунун курамында наводчик (Түштүк-Батыш фронт, 6-Армия, 11 артиллериялык жарып өтмө дивизиясында) болуп душманга каршы согушкан. Украинанын Харьков областынын Чугуев районундагы Пятницков кыштагын коргоодогу көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамга татыктуу болгон. Ал 1208-истребителдик артиллериялык полкунда 76 миллиметрлик пушканын расчетунун командири катарында согушта Сталинграддан Чехославакияга чейинки жолун басып өтүп, Россиянын, Украинанын, Болгариянын, Чехославакиянын көптөгөн шаарларын, кыштактарын немецтик баскынчылардан бошотууга катышкан. Өзүнүн пушкасы менен душмандын 12 танкасын, 6 брондолгон машинасын, 6 бронетранспортерун, жана бир нече фашисттерди жок кылган. Воронеж, Дон, Сталинград, Степ, 2-Украина фронтторунда болгон.
Д. Асанов 1945-жылы Ульяновск танк окуу жайын бүтүрүп, танк взводунун рота командири болот. 1947-жылы Ташкендеги танкисттердин жогорку окуу жайын, 1956-жылы Москвадагы В. И. Ленин атындагы саясий-аскер академияны бүтүргөн.
Ал Кыргыз ССР Аскер комиссариатынын саясий бөлүмүндө пропагандист (1958–1962), Токмок шаардык бириккен аскер комиссары (1962–1970), Бишкек шаарынын Ленин райондук аскер комиссары (1970–1984), 1985-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын офицер кесибине даярдоо багытындагы атайын улуттук аскердик лицейди жетектеген.
Д. Асанов эки I-даражадагы Ата Мекендик согуштун, үч “Кызыл жылдыз”, “Ардак белгиси”, III-даражадагы Манас ордени жана жыйырмадан ашык медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1951–1955), 2001-жылдан өмүрүнүн акырына чейин согуштун куралдуу күчтөрүн жана тылдын ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон. Д. Асанов 2009-жылы дүйнөдөн кайткан.


ИСАБАЕВА Ж. Документтер баатырдыкка күбө // Кыргыз Туусу. – 2009. – 8-май. – № 33. – Б. 16; ТУРДУГУЛОВА Д. Баатыр баянын урпактар унутпайт: [Д. Асановдун жеке архиви Мамл. архивге салтанаттуу кабыл алынышы жөнүндө] // Эркин-Тоо. –
2009. – 8-май. – № 33. – Б. 5; ТУРСУНОВ Э. Дайыр Асанов // Аалам. – 2009. – № 45. –
Б. 10; МАКСҮТОВ Б. Асанов Дайыр // Максүтов Б. Манас бабабыздан бүгүнкү күнгө чейин. – Б., 2007. – Б. 292–294; МЕНСЕЙИТОВА К. Кыргыздын сыймык уулу // Эркин-Тоо. – 2005. – 26-апр. – № 35. – Б. 10.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >