Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Абдрасул Токтомушев  
23.03.2017
Абдрасул Токтомушев
27.02.2013
Кыргыз Республикасынын эл акыны (1972), Жазуучулар союзунун мүчөсү (1938), Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А. Токтомушев 1912-жылы 15-июлда Кемин районуна караштуу Төрт-Күл айлында туулган.
Ал 1927-жылы Токмоктогу жетим балдар үйүндө тарбияланган. 1928–1931-жылдары Ташкенттеги Орто Азия суу-чарба техникумунан окуп, 1952-жылы педагогикалык окуу жайын бүткөн. 1932-жылдан баштап Улуу Ата Мекендик согушка чейин “Кызыл Кыргызстан”, “Ленинчил жаш”, “Колхоз турмушу” газеталарында иштеп, “Ала-Тоо”, “Чалкан” журналдарында бөлүм башчы, жооптуу катчы, адабий кеңешчи болуп иштеген.
Акындын чыгармачылык жолу 1930-жылы башталып, ошол жылы анын “Дыйкандарга” деген күндөлүк үгүт-насаатка үн кошкон ыры “Кызыл Кыргызстан” газетасына жарыяланган. 1936-жылы “Балбандар” аттуу туңгуч  ырлар жыйнагы басмадан чыккан.
А. Токтомушевдин Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги кан майданда согушкан жоокерлердин баатырдыгын, тылдагы карапайым эмгекчилердин эпкиндүү эмгектерин даңазалаган патриоттук духтагы чыгармалар “Күн”, “Менин өлкөм” аттуу ырлар жыйнактарынан орун алган. Согуштан кийин ал эпикалык формага көп көңүл бөлүп, “Күндөй жарык”, “Сүйүү жана коркунуч” (1962), “Ак Мөөр” (1971), “Жаш достор”, “Калем кайрыгы” (1972), “Ойноок жылдыздар” (1975) жыйнактары, “Тандалмалар” (1982), “Ала-Тоо легендалары” (1985), “Кутманым” (1989), “Он дастан” (1991) жана башка ушул сыяктуу чыгармалары китеп окурмандардын китеп текчелерин байытты.
Акындын балдарга арналган “Хан жана Жуматай”, “Тынчтык үнү”, “Достук”, “Жомоктор”, “Жакып уулу”, “Байка”, “Бала Кычан”, “Кон-кон көпөлөк” жана башка чыгармалары да бар.
Анын чыгармачылыгында ыр менен жазылган “Алтын-Тоо” романы өзгөчө бир орунда турат. Революцияга чейинки жана кийинки жылдардагы кыргыз элинин коомдук өндүрүшүнүн көзгө урунттуу учурларын, жашоосун көркөм чагылдырган терең идеялдуу чыгарма болуп саналат. Ушул чыгармасы үчүн акын Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Дүйнөлүк жана совет адабиятынын эң мыкты өкүлдөрүнүн чыгармаларын, ливан акындарынын жана Гильендин ырларын, В. Далдын жомокторун өз эне тилине которгон. Акындын ыйрым бир ырлары орус тилине которулган.
Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги коомчулук тарабынан жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу, “Элдердин достугу”, “Ардак белгиси” ордендери, Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.
Акын 1995-жылы дүйнөдөн кайткан.

ТОКТОМУШЕВ А. Он дастан: Дастандар. – Б.: Адабият, 1991. – 256 б.; КУТМАНЫМ: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Адабият, 1989. – 126 б.; АКЫН Тараска: [Ыр] // Тарас Шевченко в Кыргызстане: Науч. пуб. и худ. материалы на рус., кирг. и укр. языках. –
Б., 2008. – Б. 129–130.
МАМЫТОВ Т. “Ырыскымды ачкан поэма” // Кыргыз Туусу. – 1992. – 15-окт.; УСУПОВ С. Акын тилеги, ак тилек // Кыргыз Туусу. – 1992. – 15-окт.; ЭРАЛИЕВ С. “Ыр” деген мээнетке келет: Абдрасул Токтомушев 90 жашта // Кыргыз маданияты. –
1992. – 15-окт. – № 42. – Б. 4.
 
< Пред.   След. >