Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Алексей Михайлович Фетисов  
23.03.2017
Алексей Михайлович Фетисов
27.02.2013
Бишкек шаарында эң биринчи жашылдандыруу ишин баштаган белгилүү орустун табият таануучусу, багбан жана саякатчысы А. М. Фетисов 1842-жылы Севастополдо туулган.
1870-жылы ал Ташкентке келип жүзүмдүн ар кандай сортторун жана жемиш бактарын, кооз бак-дарактарды өстүрүп, ар кандай гербарийлерди чогулткан.
1874–1878-жылдары Пишпек шаарында жашаган. Өткөн кылымдын 80-жылдарында Пишпек шаарынын түндүк жагында саздуу шалбаа болгон. Анда камыш, өлөң чөп жана башка саз чөптөрү өсүп, кээ бир жерлерде суу токтогон көлчөлөр бар эле. Жапайы камандар, кыргоолдор көп болчу. Жаз жана күз мезгилдеринде учуп бара жаткан өрдөк-каздар, сууда сүзүүчү канаттуулар, бир аз күн ал жерге токтоп эс алып өтүшчү. Калаада жашаган багбан А. М. Фетисов бул жерге дарак отургузуу жөнүндө демилге көтөрүп чыгат. Бирок шаардын башкаруучуларынан эч колдоо таппайт, себеби алар ага жардам берүүдөн баш тартышат. Ал көздөгөнүнөн кайтпай, Верный шаарынын башкаруучуларынан жардам сурап кайрылат. Алар анын демилгесин колдоп жардам беришет. Ошентип, 1881-жылы бул аймакты өздөштүрүү иши башталып, өтө кыйынчылыктар менен сазды кургатып, ал жерге Анжиян кара жыгачтын жана Европада өсүүчү жемиш бактарынын түрүн отургузуу менен башталган бак адегенде казыналык бак, кийин Кара жыгач багы деп аталган.
Ошентип борбор калаабызда Кара жыгач багы (1879–1881-ж.) негизделген. 1890-жылы отургузулган бактардын түрү 200гө, саны 80 миңге жеткен. Азыркы кезде анын аянты 200 гектардан ашык. Азыр бул жерде Кара жыгач токою, Комсомол көлү бар, жанында Чоң Чүй каналы агып өтөт.
А. М. Фетисов Бишкекте бакчылык мектебин түзүп, кыргыз жаштарына жемиш бактарынын, тамекинин жогорку сортторун, жибек өндүрүүдө жибек куртуна берилүүчү тыттын түрлөрүн жана башка өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн жолдорун үйрөткөн.
Саякатчы 1870–1891-жылдары Теңир-Тоонун негизги бөлүктөрүн географиялык, ботаникалык, археологиялык жактан кеңири изилдеп, жыйнаган гербарийлеринин коллекцияларын Петербургдагы ботаникалык багына жана башка илимий коомдук мекемелерге, музейлерге жиберип турган. Анын 70 миңден ашык өсүмдүк гербарийлеринен 182 түрү мурда илимге белгисиз болгон түрлөрү табылган.
1877–1891-жылдардын аралыгында ал Чүй, Ысык-Көл, Сары-Жаз, Кочкор, Жумгал, Суусамыр өрөөндөрүндөгү байыркы материал жана маданий калдыктарды да изилдеп, Кара-Балта, Пишпек, Шамшы, Жоон-Арыктагы орто кылымга тиешелүү болгон архитектуралык эстеликтерди изилдеген.
А. М. Фетисов 1893-жылы Бишкекте метеорологиялык станцияны уюштуруп, 1898-жылы борбордогу Эмен паркын негиздеген.
Ал 1894-жылы 25-февралда узакка созулган катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтып, сөөгү Бишкек шаарына коюлган.


ФЕТИСОВ Алексей Михайлович // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Т. 6. – Ф., 1980. –
Б. 235.
ГАЛИЦКИЙ В. Я., Умурзаков С. У. Научно-исследовательская деятельность А. М. Фетисова в Киргизии // Тр. Кирг. гос. ун-та географического фак. 1964. – Вып. 4. – С. 21-34.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >