Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Бакай Сексенбаев  
27.03.2017
Бакай Сексенбаев
27.02.2013
Жазуучу, журналист, котормочу Б. Сексенбаев 1932-жылы 20-августта Чүй районунун Бурана айылында туулган.
Ал 1949-жылы орто мектепти бүтүп, “Шамшы” совхозундагы 7 жылдык мектепте мугалим болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1954–1957-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөп, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн бүтүп 45 жылдан ашык республикалык басма сөз жаатында үзүрлүү эмгектенип келди. 1962–1967-жылдары “Советтик Кыргызстан” газетасында адабий кызматкер, “Кыргызстан” басмасында бөлүм башчы, 1981-жылдан тартып Кыргызстандын КПБКнин алдындагы Тарых институтунун Башкы редакциясынын жооптуу катчысы болуп иштеген.
1970-жылы туңгуч жыйнагы “Чындык жана легенда” деген аталыш менен басмадан басылып чыккан. Андан кийин ага удаалаш эле “Көңүлдөгү жаз”, “Жол бийиктеп баратат” (1972), “Кайтып келүү” (1976), “Сезим учкундары” (1979), “Ачык сыр” (1983), “Август кечтери” (1990) аттуу повесть жана аңгемелер жыйнактары жарык көргөн.
Жазуучу котормо ишинде да бир топ ийгиликтерди жараткан. А. Чайковскийдин “Жеңиш” романын, В. Лацистин “Жер жана деңиз” повестин, С. Шакибаевдин “Чоң Түркстандын кыйрашы” деген даректүү роман-хроникасын кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына сунуштаган.
Ал 1980-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү, Жогорку Советтин грамотасы менен сыйланган


СЕКСЕНБАЕВ Б. Август кечтери: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. –
197 б.
СЕКСЕНБАЕВ Б. Улууну сыйласаң, кичүүдөн урмат көрөсүң / Маектешкен Ж. Исабаева // Кыргыз Туусу. – 2009. – 18-авг. – № 62. – Б. 16; БАКИРОВ К. Өлкө башкарып жупуну жашаган инсандар жөнүндө // Эркин Тоо. – 2008. – 7-май. – № 32. – Б. 9.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >