Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Гапар Айтиев  
28.04.2017
Гапар Айтиев
27.02.2013
Кыргыздын улуттук профессионал сүрөт өнөрүнө негиз салган таланттуу сүрөтчү, Сүрөт академиясынын корреспондент – мүчөсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Социалисттик Эмгектин Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Г. Айтиев 1912-жылы 15-сентябрда Ош областына караштуу Төлөйкөн айылында туулган.
Ал 1932-жылы Бишкектеги (Фрунзе) агартуу институтун бүтүп, эмгек жолун Жалал-Абад техникумунда мугалимдик кесиптен баштаган.
1934-жылы борбор калаабыздагы сүрөт көргөзмөсүнө ал “Атанын портрети” (1932), “Колхоз катчысы Имангазы”, “Түштүк кызы”, “Колхозчулардын эс алуусу” (1934) деген чыгармалары менен катышып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду.
Г. Айтиев сүрөтчүлүк өнөрүн, жөндөмүн портрет жанрында да сынап, акын А. Осмоновдун сүрөтүн, С. Акылбековдун портреттерин тарткан.
1935–1938-жылдары Москвадагы “1905-жылдын эстелиги” сүрөт окуу жайынан окуп, белгилүү живописчилер Н. П. Крымов менен П. И. Петровичевдин таалими астында кыл калем сырын терең өздөштүрүп үйрөндү.
Сүрөтчү живопистик каражаттарды колдоно билген, натура менен иштөөнү толук өздөштүргөн. Чыгармачылык ишин театрдын сахнасын жасалгалоодон баштап, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасында “Алтын Кыз” музыкалуу драмасын жасалгалап, чыгармачылык жеңишке жетишип, “Ардак белгиси” орденине татыктуу болгон. Портреттик живопистин үстүндө иштөө анын андан да башка жанрларга өтүшүнө түрткү берди. “Фронттон кат” деген картинасы 1943-жылы согуштан жарадар болуп кайтып келгенден кийин жараткан.
Сүрөткердин чыгармачылыгынын тематикасы өтө бай жана көп кырдуу. Талантуу адам бардык шартта, бардык иште жана бардык учурда таланттуу деген адилет сөз түздөн-түз Айтиевге да тиешелүү. Сүрөт өнөрүнүн кайсы гана түрүндө, жанрында иштебесин, эч качан ортозаар иштерди жасаган эмес.
“Жайлоодогу чак түш” (1949), “Кыштак четинде” (1956), “Тоодогу кеч” (1958) аттуу картиналарында образдык көрүнүштөр жөнөкөй сүрөт катары тартылган менен алардын түпкүрүндө терең ой, логикалык биримдик, өзгөчө бир ички байланыш, күчтүү көркөмдүк бири-бирин толуктап турат.
Түркмөн эл сүрөтчүсү Иззат Клычев “Гапар Айтиевдин ийгилиги чында, ал көргөнүн тарткан эмес, көргөнүн ырга салган, анткени ал чыныгы поэзиясыз жашай албайт”, – деп анын чыгармачылыгына баа берген.
1960-жылдары ал өзгөчө зор ийгиликтерге жетишти. “Чабандар” (1960–1961), “Ысык-Көл кыргыз деңизи” аттуу чыгармалары үчүн Токтогул сыйлыгынын лауреаты болду. 1940–1980-жылдардын аралыгында элибиздин сыймыгы болгон “Ысык-Көл” жөнүндө бир топ чыгармаларды жаратты. Алсак: “Ысык-Көлдөгү кайыктар”, “Күүгүм”, “Таштуу жээк”, “Булуттуу көч”, “Көл четинде”, “Ысык-Көл” жана башка бир топ чыгармалары автордун көлгө болгон аруу сүйүүсүн баяндайт.
Г. Айтиев – чебер портретчи. Өтө жогорку чеберчиликте тартылган ырчы М. Баетов менен комузчу-акын Ч. Иманкуловдун, элдик уз Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакматов менен биргелешип тарткан “Акындар” аттуу группалык портрети, “Жылкычы”, “Токтогул”, “Саякбай” скульптуралык портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. Монументтик искусстводо да анын айтарлык салымы бар.
1951–1954-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын имаратын жасалгалоо ишине көркөм жетекчи, көрүү залынын плафонундагы роспистин, театрдагы орнаменттик композициялардын автору. Бишкек шаарындагы улуу демократ акын Т. Сатылганов менен Нарын шаарындагы Жукеев-Пудовкиндин монументалдуу эстеликтери да Г. Айтиевдин колунан жаралган.
Көп жылдар бою, Республиканын сүрөтчүлөр союзуна жетекчилик кылып, улуттук көркөм өнөрүбүздү өнүктүрүүдө өзүнүн зор салымын кошкон. Дайыма астына максат коюп, алга умтулуусунун натыйжасында ийгиликтерге жетишкен. Эң мыкты чыгармалары республикалык мамлекеттик сүрөт музейинин, Третьяков галереясынын, Күн чыгыш маданиятынын музейлеринин жана коңшулаш Казакстандагы, Львов шаарындагы сүрөт музейлеринин менчигине айланып, сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлуп келе жатат.
Таланттуу инсандын эмгеги жогору бааланып, Ленин, Октябрь революциясы ордени, эки ирет “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак белгиси” ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.
Ал 1984-жылы дүйнөдөн кайткан.


АЙТИЕВ Гапар // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. – Ф., 1976. Т. 1. –Б. 105; ДАЙЫРОВА С. Гапар Айтиевдин көркөм мурастары // Замандаш. – 2008. – № 9. – Б. 34; АРИПОВ С. Мен билген Айтиев // Эркин-Тоо. – 1999. – 22-окт. – № 83. – Б. 13; ГАПАР менен согушка бармакчы болгом / Даярдаган А. Мониев // Асаба. – 1999. – 16-нояб. –
№ 79. – Б. 6; ТАЙМАТОВА Г. З. Өткөн кыштын каары кайда?! / Жазып алган
Б. Маткеримова // Кыргыз Туусу. – 1998. – 9–12-окт. – № 127–128. – Б. 9
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >