Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Бекбай Алыкулов  
23.03.2017
Бекбай Алыкулов
27.02.2013
Чыгаан журналист, жазуучу, котормочу Б. Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Чүй областынын Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган.
Ал 1955-жылы өзүнүн айылынан орто мектепти бүтүп, колхоздо иштеп эмгек жолун баштаган. 1963-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөндөн кийин Республикалык “Билим” коомунда методист, 1965–1967-жылдары Кыргыз керек-жарак союзунда китеп соода бөлүмүндө товар боюнча улук адис, 1967–1983-жылдарда “Советтик Кыргызстан” газетасында кабарчы, “Кыргызстан” басмасында көркөм котормо бөлүмүнүн башчысы, “Кыргызфильм” киностудиясында, “Кыргызкабар” агенттигинде редактор, “Кыргызстан” басмасынын көркөм котормо бөлүмүндө улук редактор (1990), областтык “Чүй баяны” газетасында жана республикалык “Кыргыз Туусунда” маданият бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү иштеген.
Анын чыгармачылыгы 1957-жылы “Жаш ленинчи” журналына жарыяланган “Фонарь” аттуу аңгемеси менен башталган. Андан соң ошол эле журналга “Достук”, “ Аскар”, “Менин атам”, “Ала-Тоо” журналына, “Мен күтөм” деген лирикалык повести, Социалисттик Эмгектин Баатырлары Ү. Ма-кишев менен Г. Сулайманова жөнүндө жазылган “Бийиктикке карай жол”, “Өмүрдүн үч ирмеми” аттуу даректүү повесттери жарыяланган.
Б. Алыкулов көбүнчө проза жанрында эмгектенген. Анын “Аккуулар кайтып келатат”, “Балалык менен кездешүү”, “Өмүрдөгү издер” деген повесттер жана аңгемелер жыйнактары жарык көргөн.
Жазуучу, журналист калемин көркөм котормо жанрында да сынап азербайжан жазуучусу Аббасзаде Гусейндин “Чагым кесепети” повестин, орус акыны И. Волобуеванын “Боз үй сындуу асман астында” лирикалык повестин, Молдова жазуучусу А. Лупанын “Дыйкандарың кайда жер?” аттуу романын, балкар, казак, орус жазуучуларынын ырларын, аңгемелерин кыргызча которуп адабият күйөрмандарына тартуулаган.
Калемгердин драма жана кино жаатында да ири салымы бар. “Жүрөктөгү так”, “Акима”, “Арчанын сыры”, “Тоодогу от” жана башка бир актылуу пьесалары элдик театрларда коюлуп, радиоберүүлөрдөн да уктурулган.
Анын сценарийинин негизинде “Студенттер”, “Актриса” деген документалдуу фильмдер тартылган.
Б. Алыкуловдун чыгармачылык өмүрүнүн көбү журналистика жаатында өтүп жатат. Мезгил ыргагын кеңири чагылдырган публицистикалары, очерктери, сүрөттөмөлөрү, сын материалдары, информациялары, орошон ойду камтыган ой-толгоолору, ырлары республикалык мезгилдүү басма сөз беттерине “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо” жана башка газета-журналдарга тынбай жарыяланып келүүдө.
Журналисттин чыгармачылыгы улам барган сайын курчуп, күн сайын күрөшкө аттанып чыгып, жасап жаткан иш-аракети калемгердин жашоодогу ырахаты. Журналисттик кесибинин ырахатын көрүп 1970-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Журналисттер жана 2006-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсүнө кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1999-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамына татыктуу болгон. Т. Насирдинов атындагы сыйлыктын лауреаты, бир нече адабий конкурстардын сыйлыктарынын жеңүүчүсү, бактылуу карыя. Учурда өзү сүйгөн кесибин улантып 75тен ашса да чыгармачылыктын үстүндө талыкпастан үзүрлүү эмгектенип келүүдө.

АЛЫКУЛОВ Б. Балалык менен кездешүү: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1984. – 192 б.; АККУУЛАР кайтып келатат: Аңгеме, повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 144 б.; ОТ жанган ыйык коломто // Кыргыз Туусу. – 2009. – 13-нояб. – № 85. – Б. 9; ЫРЫСКА шерик карыялар // Кыргыз Туусу. – 2008. – 30-сент.-2-окт. – № 73. – Б. 4.
КЫРГЫЗ журналистикасынын дарканы // Кыргыз Туусу. – 2007. – 9–11-окт. – № 78. –
Б. 12; ТОКТОГАЗИЕВ Ж. Бекбай ата // Кыргыз руху. – 2007. – 9-окт. – № 51. – Б. 7; МААТКЕРИМОВА Б. Ананайын Бакайым // Кыргыз Туусу. – 2000. – 7–13-янв. – № 1. –
Б. 9; НАСИРДИНОВ Т. Алтын казык // Кыргыз Туусу. – 1997. – 10-окт. – № 103. – Б. 5.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >