Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Айсулуу Токомбаева  
23.03.2017
Айсулуу Токомбаева
27.02.2013
Ысымы менен биздин өлкөдө гана эмес, башка чет өлкөлөргө белгилүү болгон балет театрынын көрүнүктүү чебери, актриса, балерин А. Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Бишкек шаарында туулган.
Атасы Асанбек Токомбаев белгилүү журналист, мамлекеттик жана коомдук ишмер болгон. Айсулуунун өнөр жылдызы болуп калышына багыт берген апасы М. Еркимбаеванын үлүшү зор. Себеби кичинекей кезинен эле апасын ээрчип кошо театрга репетицияларга, спектаклдерге келип театр менен коюн-колтук алышып жүрдү.
Ал Ленинграддагы А. Я. Ваганов атындагы академиялык хореографиялык окуу жайынан окуп, аны бүткөндөн кийин 1966-жылдан баштап А. Малдыбаев атындагы опера балет театрына артист болуп кабыл алынат. 1967-жылы солист болуп 1966-жылга чейин ошол эле театрда жетектөөчү прима-балерина катары 30 жыл үзүрлүү иштеген.
Балерина өзүнүн өнөрү менен лириканы, драманы, трагедияны бирдей деңгээлде чагылдырып, өтө ишенимдүү аткарган техникалуу артист. Анын аткарган театр репертуарынлагы башкы партиялары: М. Раухвергердин “Чолпон” балетинде – Чолпондун, В. Власовдун “Асел” балетинде – Аселдин, Б. Асафьевдин “Бахчысарай фонтанында” – Мариянын, П. И. Чайковскийдин “Аккуу көлүндө” – Одеттанын, А. Хачатуряндын “Спартагында” – Фригиянын, М. Равелдин “Болеросунда” – Свободанын ролдорун өтө жеткиликтүү ойногон.
Андан кийин “Жизель”, “Баядерка”, “Шопенина”, “Уктап жаткан сулуу”, “Пахита” балеттеринде балерина өзүнүн укмуштуудай табигый таланты жана ошол учурдагы адамды токунданткан сезимдери менен классикалык бийдин татынакай формаларын терең ачып көрсөтүп берген.
Бийчи тарабынан түзүлгөн хореографиялык образдар өтө жеткиликтүү болуп театр көрүүчүлөрүнө ырахат тартуулаган.
К. Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясында Толгонайдын, “Маңкурт жөнүндө баянында” – Найман эненин, Ф. Амировдун “Миң бир түнүндө” – Шахрезаданын ж.б. 50дөн ашык партияларды аткарган.
А. Токомбаева өнөр секисинде 30 жыл аралыгында 200гө жакын ар түркүн ролдорду ойногон. Улуу Британиядан чыккан Бүткүл дүйнөлүк аялдардын “Кимиси ким” аттуу энциклопедиясына жана 1986-жылдан бери АКШнын биографиялык институту чыгарган энциклопедияга 1991-жылдан бери чыгып келатышы бекеринен эмес, анын эмгеги бааланганлыгынын дагы бир күбөсү болуп саналат.
Бүткүл союздук конкурстун дипломанты, 1976-жылы Толгонайдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болуп, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган. Чолпон, Аселдин ролдору үчүн Ленин комсомолу сыйлыгына, 1981-жылы СССРдин эл артисти деген наам берилген, 1995-жылы Эл аралык Ч. Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Бир нече жолу Италия, Югославия, Дания, Тунис, Ливия, Финляндия жана башка мамлекеттерде гастролдо болуп өз өнөрүн тартуулаган.
Бийчи тууралуу китептер жазылып, “Премьерага жол”, “Менин сүйүүмдүн башталышы”, “Бий менин өмүрүм”, “Айсулуу Токомбаева” деген телефильмдер тартылган.
Учурда ал педагогикалык иш тажрыйбасын Түркия мамлекетиндеги Анкара университетинин алдындагы консерваториянын балет бөлүмүндө түрк бийчилерине сабак берип үйрөтүп иштеп жатат.
ТОКОМБАЕВА А. Жыргаганыман кеткен жокмун / Маектешкен Ч. Орозбекова // Асаба. – 1997. – 19-сент. – № 37. – Б. 6; САХИДАН ажырагым келбейт / Маектешкен
О. Шакир уулу // Асаба. – 1993. – 23-дек. – № 46. – Б. 7.
АНКАРАНЫ аймактаган айдың көлдүн окуусу / Жазып алган А. Айдаралиев // Агым. –
2006. – 7-март. – № 16. – Б. 9; АЛИЕВ К. Ички дүйнөбүз төп келишет / Маектешкен Р. Болотбек кызы // Кут билим. – 2004. – 5-март. – № 9. – Б. 5; МАМБЕТОВ Ж. Аккуубуз сенсиң Айсулуу // Res Publica (Жалпы иш). – 1998. – 20-янв.; АКУН уулу А. Айсулуу түрк бийчилерин окутууда... // Заман Кыргызстан. – 1996. – 20-дек. – № 51. – Б. 10.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >