Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Баялы Исакеев  
27.03.2017
Баялы Исакеев
27.02.2013
Мамлекеттик жана коомдук көрүнүктүү ишмер Б. Д. Исакеев 1897-жылы Кочкор районуна караштуу Үкөк айылында туулган.
Ал 1913-жылы айылдык башталгыч мектепти бүтүргөн соң, Нарындагы орус-тузем мектебинен окуп аны 1916-жылы бүткөн.
1917–20-жылдары Орто-Токойдогу, Кум-Белдеги ат менен жеткирилүүчү почта станциясында кароолчу почточу, почта станциясынын башчысы болуп иштеген.
Анын өмүр жолунда 1920-жылы өтө саясий зор окуя болгон. Анткени ал партиянын катарына кабыл алынып, Нарын уездинин комитетине жана анын бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1925-жылы Ташкенттеги САКУнун алдындагы 3 айлык курстан, андан кийин Москвадагы ВКП (б) БКнын алдындагы уезддик партиялык кызматкерлерди даярдоочу 1 жылдык курстан окуп келип, Каракол-Нарын уезддик, шаардык комитеттеринде, Кыргызстан областтык партия комитетинде үгүт-насыят бөлүмүн башкарган.
1927–28-жылдарда “Кызыл Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде редактор болуп эмгектенген. Өзүнүн туруктуулугу, ишмердиги, принципиалдуулугу менен калктын калың катмарына таанылып, урмат-сыйга ээ болгон.
Кыргызстандын дыйканчылык боюнча Эл комиссарлыгына дайындалган. Ушул жоопту кызматта иштеп турган кезинде республиканын айыл чарбасын жогорулатууга көп күч жумшаган. Өзүнүн саясий жактан такшалган кызматкер экендигин көрсөттү. ВКП (б) Кыргыз обкомунун экинчи катчылыгына шайланып, 1933–37-жылдарда АССРнин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болуп иштеген.
Кыргызстандын өнөр жайларын мындан ары жандуу түрдө өстүрүүдө, көчмөн калкты отурукташтырууда, жер-суу реформаларын өнүктүрүүдө, маданияттын өсүп-өнүгүшүнө көп эмгек сиңирген. Өзгөчө “Манас” эпосун басмадан басып чыгаруу ишинде да чоң роль ойногон.
1938-жылдын 5-ноябрында Союздун жогорку сотунун Аскер коллегиясы тарабынан 1933-жылдан бери улуттук, контрреволючиячыл уюмдун “социал-туран партиясынын” жетекчилеринин бири деген жалган жалаа менен айыпталып камалып, ошол эле жылы ак жеринен атууга кеткен.
Ал 1956-жылы СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы тарабынан өлгөндөн кийин 1957-жылы акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген.
Анын ысымы Кочкор районундагы өзү туулган айылга берилип, борбор калаабызга бюсту орнотулган.

КУЛМАТОВ А. Баялы Исакеев: (тарыхый очерк). – Б.: Учкун, 2003. – 32 б.
ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич // Максүтов Б. Кыргызстандын жетекчилери жана Баатырлары. – Б., 2010. – Б. 125–131; АРЫКОВА Ж. Ата-Журтка арналган армандуу өмүр: Баялы Исакеев // Аалам. – 2003. – 3-дек. – Б. 4.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >