Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Б. Данияров  
28.04.2017
Б. Данияров
27.02.2013
Республикабызда агартуу тармагына кыйла эмгек сиңирген белгилүү инсан таалим-тарбиячы Базаркул Данияров 1897-жылы 20-октябрда Чүй облусуна караштуу Чоң-Кемин районундагы Кайыңды айылында туулган.
Алгач жергиликтүү Шабдандын медресесинен, андан кийин Токмоктогу орус-тузем мектебинен, Алматыдагы гимназиядан окуган.
1916-жылы Үркүн коогалаңында Турпанга качып барышып, 1917-жылы өз жергесине кайтып келген соң, 1918-жылы Ташкендеги Казак-кыргыз эл агартуу институтуна кирип, 1924-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол эле жылы Ош шаарына келип, мугалимдерди даярдоо курсун уюштуруп, аны жетектеген.
1925-жылы Пишпек шаарында Кыргыз эл агартуу институту ачылып (1928-ж. Борбордук пед-техникум деп аталган), ага окуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, кыргыз жаштарына билим берүүдө көп күч жумшап, жигердүү эмгектенген.
Ал 1929–1933-жылдары педтехникумдун директору, 1933–1935-жылдары Кыргыз АССРинин агартуу комитетинде, 1935–1937-жылга чейин Оштогу пахтачылык-талаачылык техникумунда муга-лимдик кесибин аркалаган.
Б. Данияров өз мезгилинде билим чабыты, көрөңгөсү кенен агартуучу, адабиятчы, котормочу, тарыхчы, коомдук ишмер болгон. Өз элинин келечеги үчүн талыкпастан эмгектенип, жаштарга билим, тарбия берүү менен гана чектелбестен коомдук иштерге да активдүү катышып, илимий эмгектерди жазган. Түркстан Эл агартуу комиссариатында кыргыз илимий комиссиясы түзүлүп, төрагасына И. Арабаев, орун басарлыгына Б. Данияров, мүчөлүгүнө К. Тыныстанов шайланган.
Кыргыз адабиятын түзүү, кыргыз фольклорун эл оозунан жыйнатууда, аларды басмадан бастырууда “Манас” эпосун жаздырып калуу, музыканы нотага түшүрүп жаздырууда, кыргыз орфографиясын түзүү, алиппесин жазуу, кыргыз мектептеринен башталгыч класстарына окуу куралдарын даярдоодо, интеллигенциянын пайдубалын түптөөдө, туңгуч гезит “Эркин-Тоону” чыгарууга алгачкы демилгечилеринен болуп талыкпастан эмгектенген.
Арабаев экөө биргелешип география, эсеп китептерин казак тилинен кыргызча которгон.
1920–1930-жылдары ал жан-дили менен иштеп, эл адабиятын кандай жыйноонун 30 пункттан турган колдонмосун түзгөн.
Окумуштуунун улуттук расми, адат-салттарды элдик педагогика менен айкалыштырган 70 жыл мурдагы иш-аракеттери, педагогикалык колдонмосу тереңдетилбестен практикаланбай калган.
1925-жылы К. Тыныстановдун “Касымдын ырлары” аттуу Москвадан чыккан жыйнагына жана Молдо Кылычтын “Канаттуу” деген китебине баш сөз жазган. 1926-жылы Бакуда өткөн түркологдордун 1 съездине делегат болуп катышкан.
Окумуштуу Х. Карасаев: “Ал – азиз, кишиге сүйкүмдүү, ак ниет, адамга дайым жакшылык гана тилеген жан эле. Кыргыз элинин тарыхында агартуучу катары өз ордун алууга татыктуу” – деп баа берсе, белгилүү адабиятчы З. Бектенов: “Орустун улуу педагогу Макаренко сыяктуу инсан болгон” –
деп эскерген.
Республикалык коопсуздук комитетинен алынган (02.1990. № 0108) маалыматы боюнча ал “Социал-туран партиясынын мүчөсү”, “Эл душманы” деген жалган жалаанын негизинде 1937-жылы 9-августта 10 жылга түрмөгө кесилген.
Окуу-тарбия иштерин туура уюштурган, алысты көрө билген баамчыл адамдын эмгеги куру талаага кеткен жок. Илим-билимден артта калган эли үчүн билимдүү кадрларды даярдоодо зор иштерди аткарган, өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгын, кызыкчылыгын коргоп, жан-үрөп иштеген кыргыздын чыгаан уулу Б. Данияровдун ак эмгеги муундан-муунга өтүп, унутулбайт.
Ал 1937-жылы репрессиянын залалынан 1942-жылы декабрда Сибирдин Сибирдин Свердловск областындагы Ивдель шаарчасындагы колонияда 45 жашында каза болгон.

ОРУСБАЕВА-Даниярова Кутпа Бакировна. Базаркул Данияров – тунгуч агартуучу: (Өрнөктүү адамдын өмүр жолу). – Б., 2000. – 322 б.
АГАРТУУНУН башатында турган алп инсан / Даярдаган Ж. Турдубаев // Кут билим. –
2007. – 28-дек. – № 47. – Б. 8; АКМАТАЛИЕВ А. Эли үчүн эмгек кылган // Заман Кыргызстан. – 2000. – 1-дек. – Б. 6; ТАРЫХТАГЫ ак так / Даярдаган М. Мурзаев // Ош жаңырыгы. – 1997. 4–7-окт. – № 77. – Б. 45.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >