Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Байтик Канай уулу  
27.03.2017
Байтик Канай уулу
27.02.2013
Кылымдарды карыткан кыргыз элинин тарыхында мекенинин тынчтыгы, элинин эркиндиги, журтунун биримдиги, бейкуттугу үчүн күрөшкөн XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан, белгилүү баатыр Байтик Канай уулу 1817-жылы Чүй жергесинин Ала-Арчадагы солто уруусун бийлеген тектүү тукумдун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Байтик жаштайынан уюштургуч, демилгечил чыгып, айлана-чөйрөсүнө өзү теңдүү балдарды топтоп, тай чаптырып, торпок жарыштырып, элдик оюн-зоокторду өткөрүп, “Канай” деп ураан чакыртып, жеңүүчүлөрүнө колунда болгон малдан байге берчү.
Эс тарткан сайын эр көкүрөктүгү эл көзүнө даана көрүнүп, балалык тентектиги ашына, тил албаганды ур токмокко алып жүргөн.
Тентектигинен атасы аны 1835-жылдары аны Таласта жашаган бир тууган иниси Сатыбалдыныкына жиберген. Ал жактан Байтик эл, жер таанып, саруу уруусунун барктуу, нарктуу адамы Ажыбек датканын уулу Нурак менен жана белгилүү манасчы Балыкооз менен достошкон.
Акыл-эси токтолуп, кара күчкө толгон убагында ал киндик каны тамган жери Чүйгө кайтып келет. Тың чыккан Байтик Чүйдөгү солто уруусунун манабы Жангарачка жагып, акыры солто уруусун башкарууга жетишет.
Ал Орто Азияда Кокон хандыгы үстөмдүк жүргузүп турган доордо жашаган. 1845–1847-жылда-ры Чүйлүк кыргыздар Кокон хандыгынын эзүүсүндө болушкан. Пишпек чебинин жана бүткүл Чүй өрөөнүнүн башчылыгына Рахматулла бег дайындалган.
Анын бийлигинин мезгилинде Чүйлүк кыргыздарды эзүү абдан күчөп, салыкты мурдагыдан да көп төлөтүшүп, Токмок жана Пишпек чептерин калыбына келтирүүгө зордоп иштетишкен.
Хандын буйругу боюнча кыргыздар өз балдарын Кокондун төрөсүнө кызмат кылууга жөнөтүүгө милдеттүү болушкан. Байтик да өзүнүн кенже баласы Байсалды Рахматуллага кызмат кылууга жөнөтөт. Ал манаптын уулун кордоп келекелегендиктен Байсал качыл кетүүгө аргасыз болот. Буга Байтик ыза болуп, мындай ыза кек алууга түрткү болгон.
1862-жылы Байтик баатырдын айылы Чүйдүн Ак-Чийине көчүп келишет. Рахматулланы жок кылуу үчүн чоң той өткөрүү шылтоосу менен Байтик калп эле унуткансып түр көрсөтүп Кокондун кушбегин тойго конокко чакырат. 40 сарбазы жана 20 жигити менен келген меймандарды абдан сыйлап, парча чепкен, жибек, ар кандай аң терилерин, күмүш жүгөн, кемер кур, кымбат тебетей, жакшы аттарды тартуу кылат.
Ошол мезгилде Байтиктин жигиттери кокондуктардын аттарынын үзөңгүлөрүн, басмайылдарын кесип ташташат. Меймандардын алдына беш бармак келген кезде белги боюнча Байтик алакан чапканда аларга кол салышат.
Рахматулла өзүнүн кара жанын коргоп качып жөнөйт. Артынан баатырдын жигити Көкүм кууп жетип найза менен сайып өлтүрөт. Ошентип Байтик жетектеген кыргыздар орустар менен биргелешип, Пишпек чебин талкалашып, 200дөй жигити менен орус аскерлерине кошулуп кокондуктардан Мерке, Олуя-Ата, Чымкент чептерин бошотушат.
XIX кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Россиянын карамагына өтүшүнө жана Россия менен кыргыз элинин байланышын чыңдоого түздөн-түз өзүнүн салымын кошкон.
Беттегенинен кайтпаган, көк жалдыгы журт башын бириктире билген көсөмдүү, чиеленишкен ар түрдүү саясий кырдаалдарда туура жолду тандай билген даанышмандыгы, чечкиндүүлугү менен атагы алыска кеткен Байтик баатыр 1967-жылы кыргыз урууларынын өкүлү катары падыша Александр II Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган.
Анын Россия империясына кылган эмгеги жогору бааланып, ага аскердик капитан чини ыйгарылган. Анна тасмасына тагылуучу Чоң алтын медаль жана III даражадагы Станислав ордени жана Каухар чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган.
Ал 1886-жылы дүйнөдөн кайткан.

БАЙТИК баатыр / Түз.: А. Акматалиев, Ч. Жумагулов, Ө. Шаршеналиев. – Б.: Шам, 2003. – 208 б.
ШАРШЕНАЛИЕВ Ө. Байтик баатыр эл ырчыларынын чыгармаларында // Эл агар-туу. – 2006. – № 11–12. – Б. 22–28; БАЙТИК баатыр // Кыргыз тарыхы: Энцикло-педия. – Б., 2003. – Б. 129–130; МЕЙМАНОВ Д. Байтик баатыр // Кыргыз Туусу. –
2003. – 30-май–2-июнь. – № 39. – Б. 16.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >