Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Акынбек Куручбеков  
27.03.2017
Акынбек Куручбеков
27.02.2013
Акын жана коомдук ишмер А. Күрүчбеков 1922-жылы 5-декабрда Калинин районундагы Эриктүү кыштагында туулган.
Ал 1940-жылы айылынан 7 жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин Бишкектеги суу-чарба техникумунан билим алып жаткан мезгилде капысынан Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Советтик Армиянын катарына чакырылган.
1942-жылы Калинин фронтунда 31-аткычтар полкунун бир бөлүгүндө командирлик кылып, айыгышкан салгылашууда оор жаракат алып, туулган жерине кайтып келген.
Согуштан келгенден кийин айылдык советте эсепчи, ферма башчысы болуп иштеп, анан Бишкектеги эки жылдык юридикалык мектептен билим алып 1947–1950-жылдары Тянь-Шань областтык соттун мүчөсү, Жалал-Абад областтык адвокаттар коллегиясынын президиумунун башкармасы, Токтогул ра-йондук эл судьясы, Жалал-Абад обл. сотунун башкармасынын орун басарлык милдеттерин аткарган.
1955–1962-жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун мүчөлүгүнө шайланган, андан кийин 1968-жылга дейре Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин алдындагы Юридикалык комиссияга мүчө болуп иштеп туруп, персоналдык маанидеги пенсияга чыккан.
1968–1971-жылдардын аралыгында “Кыргызстан маданияты” газетасында адабий кызматкер, 1971–1974-жылдарда Кыргызстан ИАнын алдындагы КСЭнын Башкы редакциясында редактор болуп иштеген.
Анын чыгармачылык ишмердүүлүгү 1950-жылдардын башында баш алган. Алгач ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине жарыяланган. “Атама кат”, “Ук, Бонндук солдат!”, “Окко каршы”, “Ишеним”, “Күн айтат”, “Өмүр”, “Адамзатка кайрылуу” жана орус тилинде “Сильнее смерти” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыккан.
Жоокер акындын чыгармаларынын башкы темасы – келечектеги бейкут жашоону, бактылуу турмушту, тынчтыкты даңазалаган. Апаат согушту жек көрүү сезимине толгон.
Ал 1988-жылы дүйнөдөн кайткан.

КҮРҮЧБЕКОВ А. Адилет жаңырыктары: Публицистика жана ой-толгоолор. – Ф.: Адабият, 1989. – 120 б.; АДАМЗАТКА кайрылуу: Публицистикалык поэма жана ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 72 б.; ӨМҮР: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1982. –
124 б.
ОРОКЧИЕВ Т. Жоокер акын // Кыргызстан маданияты. – 1985. – 11-апр. – № 15. – Б. 12; АРАКЕЕВ Б. Публицист акындын тилеги – тынчтык // Кыргызстан маданияты. –
1984. – 12-янв. – № 2. – Б. 7.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >