Главная страница arrow Кыргызстан. Дни. Люди. События arrow Гулсайра Момунова  
27.03.2017
Гулсайра Момунова
27.02.2013
Акын Гүлсайра Момунова Бакай-Ата (Ленинполь) районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган.
1955-жылы Талас шаарындагы орто мектепти, 1960-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүткөн.
Ал 1961–69-жылдары “Советтик Кыргызстан” газетасында кызматкер, 1971-жылдан “Кыргызстан” басмасында редактор, 1973–1993-жылдары “Кыргызстан аялдары” журналында жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1993-жылдан бери республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.
Акындын биринчи ырлар жыйнагы “Тилек” деген ат менен 1963-жылы жарык көргөн. Г. Момунова бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактын жана бир топ коллективдик котормолордун да автору.
1973-жылы казактын жазуучусу И. Жакановдун “Возвращенная песня” повестин кыргызчалаган. Акындын бир нече очерктери, публицистикалык макалалары мезгилдүү басылмаларга жарыяланып келет. Айрым бир ырларына музыка жазылган.
1996-жылы Түркия мамлекетинде өткөн Ата-Мекенди даңктоо ырларынын эл аралык конкурсунда анын “Боз үй” аттуу поэмасы “Куттуу апта” медалына татыктуу болгон.
Г. Момунова 1971-жылдан бери Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
Акындын эмгеги жогору бааланып 1987-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган. 2001-жылы “Эр Манас урпагы” медалы менен сыйланып, 2003-жылы “Түгөлбай Ата” адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен да сыйланган.


МОМУНОВА Гүлсайра. Туулган үйдүн жарыгы: Ырлар жана поэмалар, одалар, автографтар, баталар. – Б.: Бийиктик, 2008. – 512 б.; НУРСУЛТАН: Поэма. – Б.: Шам, 2006. – 135 б.
АРСТАНБЕКОВА Б. Атуулдук ырлардын акыны // Кыргыз Туусу. – 2008. – 16–
18-сент. – № 69. – Б. 16; ИСАТОВ М. Эки оттун ортосунда // Эркин-Тоо. – 2008. –
18-нояб. – № 87. – Б. 9; АШЫМБАЕВ К. Акын жүрөгү // Кыргыз Туусу. – 2007. – 21–
24-дек. – № 99. – Б. 13.
Последнее обновление ( 27.02.2013 )
 
< Пред.   След. >