2022-жылдын 26 февралында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Кыргыз китеби” бөлүмүндө Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Ишеналы Арабаев – агартуучу-окумуштуу”аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.
Кыргыз элинин алгачкы агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш айылында жарык дүйнөгө келген.
1900-жылы жергиликтүү мектепти аяктаган соң он жылга жакын кыргыз айыл-кыштактарында мугалим болуп эмгектенген. 1910-жылы ал Россиянын Оренбург шаарындагы «Кусания» медресесинде окуй баштайт. Бул жерде бир жыл билим алган соң Уфа шаарындагы «Галия» медресесинде эки жыл билим алган.
Россиядан окуп келген соң, 1913-1916-жылдар аралыгында Көл жана Нарын аймактарында мектеп ачып, элдин сабатсыздыгын жоюу үчүн жан үрөп иштей баштайт. Ишеналы Арабаевдин элге билим берүү максатына 1916-жылдагы Үркүн тоскоол болот. Эл менен Кытайдын Үч-Турпан деген жерине качып барат. Ал жерден 1917-жылдагы революциядан кийин өз мекенине кайтып келген.
Бир катар жооптуу кызматтарда иштеп, өлкөнүн коомдук жана саясий иштерине активдүү катышып, аны менен бирге кыргыз мектептерине мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат. 1924-жылы Түркстан АССРинде уюшулган илимий комиссияны жетектеп турганда арифметика, табият таануу жана география сыяктуу илимдерди камтыган бир катар окуу китептерин жарыкка чыгарат. Элдик оозеки чыгармаларды жыйноо менен бирге улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунан «Манас» эпосунун вариантын жаздырып алуунун демилгечиси болгон.
Арабаев студент кезинде эле коомдук иштерге катышып, бир катар илимий -агартуучу макалаларды жазган. 1911-жылы Казань шаарында акын Молдо Кылычтын «Кысса зил заласын» кыргызча китеп кылып басмадан чыгарган. Ушул эле жылы казак студенти Когабай Сарсекеев менен бирге эки элдин балдары үчүн «Алиппе жаки төтө окуу» (Алиппе жана шар окуу) китебин жазат. Бир жылдан соң Оренбургда «Жазуу өрнөктөрү» китебин чыгарат.
Агартуучу «Эркин-Тоо» гезитин негиздөөгө катышып, анын биринчи санына агартуучунун калемине таандык макала чыккан. Ал тунгуч кыргыз алфавитин, «Кыргыз алиппесин», грамматика жана табият таануу боюнча биринчи кыргызча окуу китебин, «Сабатсыз чоңдор үчүн алиппени» жана кыргыз мугалимдерине колдонмо иретинде «Саамалык» аттуу китепче жазып, анда он бир сабактын үлгүсүн берген. Арабаевдин агартуу жаатындагы ишмердиги жалпы кыргыз элинин сабаттуу болуусуна өбөлгө болуп, ал жазган «Алиппе» улам жаңыланып отуруп азыркы кезге чейин жеткен.
Ал 1933-жылы 11-майда “улутчул”деген жалган жалаа менен камакка алынып, ошол эле жылы7-июнда Ташкент түрмөсүнөн каза болгон. Илимпоз 1958-жылы толугу менен акталган.
Ишеналы Арабаев — XX кылымдын башындагы залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер, «Алаш Ордо» партиясынын мүчөсү, советтик агартуу системасын түптөөгө зор салым кошкон автор. И.Арабаевдин 1992-жылы 110 жылдык маарекеси белгиленип, ысымы Бишкектеги Жогоркуокуу жайынын бирине ыйгарылып, ошол университетте музеи уюштурулуп, анын эмгектери, китептери, газета-журналдарга ал жөнүндө жазылган макалалар коюлган.
Көргөзмөгө төмөнкү китептер жана макалалар коюлду: “Алгачкы агартуучу,окумуштуу жана саясий коомдук ишмер”; “Кыргыз алипбеси”(Ташкент-1924 ж); “Аңгемелер, тамсилдер, жомоктор” (1921ж); Жаңылык-1928ж; “Алгачкы эмгектер”-2011ж; “Просветительская деятельность и педагогическая наследие” ж.б..