А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын «Абай» Кыргыз-Казак борборунда көп өнөрдүн ээси — казак акынын, айтышкер акыны, драматургу, манасчысы, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандык А. Малдыбаев атындагы сыйлыгынын ээси Баянгали Алимжанов мейманда болду. Ал өзүнүн басмадан жаңы чыккан, али сыясы кургай элек «Жер иici» («Запах земли») аттуу китебин Жана «Капля» аттуу чөнтөк китепчесин Абай борборуна белекке берди. «Жер иici» китеби 20 тилдеги ырлар, поэмалардан турат. Б. Алимжанов дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн акындарынын мыкты ырларын жана котормолорун топтоп берген. Б.Алимжанов мурда да Абай борборуна «Манас, Семетей, Сейтек» китебинин казакча которулган вариантын белекке берген.