Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Коомдук ишмер Эмил Шукуровдун юбилейине арналган тегерек стол өттү.

Коомдук ишмер Эмил Шукуровдун юбилейине арналган тегерек стол өттү.
16 Фев 2023
Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында — белгилүү окумуштуу, эколог жана коомдук ишмер Эмил Жапарович Шукуровдун юбилейине арналган тегерек стол өттү.
Тегерек столдун катышуучулары аны менен жолуккандагы жана баарлашкандагы таасирлери менен бөлүшүп, анын Кыргызстандын жаратылышын коргоого кошкон зор салымын белгилешти.
Эмил Жапаровичтин окуучуларынын жана жакын санаалаштарынын, ошондой эле, балдарынын аракети менен анын макалаларынын, сүрөт галeреясынын жана карикатураларынын фонду түзүлгөн.
Окумуштуунун өмүр жолуна, илимий, коомдук ишмердүүлүгүнө, сабак өтүүсүнө, сүрөт тартуусуна жана поэтикалык чыгармачылыгына арналган интернет сайты иштелип чыккан.