2023-жылдын 17-февралында саат 11.00дө А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын «Абай» Кыргыз-Казак маданият борборунда көрүнүктүү казак жазуучусу, казак адабиятынын детективдик жанрына негиз салуучу, драматург жана коомдук ишмер Кемел Токаевдин 100 жылдыгына арналган «Түрк элимдин детектив жанрынын дарбазасы» аталышындагы эскерүү кечеси жана китеп-иллюстративдик көргөзмөсү өтөт. Уюштуруучуларлар Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасы жана Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы. Иш-чаранын максаты — түрк тилдүү өлкөлөрдө Кемел Токаевдин адабий чыгармачылыгын пропагандалоо. Каалоочуларды 17-февраль саат 11:00дө Абдрахмвнов көчөсү, 208 күтөбүз.