Биринчи барак Русский English
Китепкана, анын жетекчи составы, тарыхы жөнүндө жалпы 

маалымат
Китепкананын бөлүмдөрү 

жөнүндө маалымат
Китепкананын окурмандары үчүн керектүү 

маалыматтар
Китепкана көрсөтүүчү кызматтар 

жөнүндө маалымат
Китепканага келип түшкөн жаңы китептер 

жөнүндө обзор
Китепкананын негизги каталогу жөнүндө
Электрондук каталог боюнча издөө
Китепкананын өз ара байланыштары, биргелешкен проектилери жана 

шериктери жөнүндө маалымат
Көбүрөөк берилүүчү 

суроолор
Байланыш маалыматтар
 

Китепкана жөнүндө

КР УКнын коомдук миссиялары жана негизги тапшырмалары
Структуралык бөлүмдөр
КР УКнын директору Бакашова Жылдыз Кемеловна
Структуралык бөлүмдөр

Кыргыз республикасынын Улуттук китепканасы өзүнүн 70 жылы ичинде дүйнөнүн 89 тилиндеги 6 млн. документтери бар эң баалуу, уникалдуу фондду жыйнаган.

Улуттук китепкана – бул Кыргызстандын жана бүткүл дүйнөлүк цивилизациянын, тарыхтын жана азыркы мезгилдин, каада-салттардын жана ар кандай өлкөлөрдөгү элдердин тилдеринин интеллектуалдык эси. Ал биздин коомдун түрдүү катмарын түзгөн көптөгөн окурмандардын, диаспоралардын, дипломатиялык кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн маданияттын, билим берүүнүн жана маалыматтын борбору болуп калды. Күн сайын анын кызматынан 1300гө жакын илимий кызматкерлер, адистер жана студенттер пайдаланышат. Улуттук китепкана окурмандарды тейлөө боюнча республикадагы эң ири китепкана. Билимдин бардык тармактары боюнча жыл сайын 300 000ден ашык справкалар аткарылат. Көптөгөн справкалык-библиографиялык жана информациялык иштер жүргүзүлөт; көргөзмөлөр, презентациялар, семинарлар өткөрүлөт.

Улуттук китепкана Эл аралык үч китепканалык ассоциациялардын: Китепканалар ассоциациясынын жана мекемелеринин Эл аралык федерациясынын (ИФЛА), Евразиянын Китепканалар Ассамблеясынын (БАЕ) жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук китепканаларынын Бирдигинин мүчөсү.

КР УКнын коомдук миссиялары жана негизги тапшырмалары

УК өзүнүн негизги коомдук миссиялары деп төмөнкүлөрдү эсептейт:

  • Илимди, маданиятты, билим берүүнү жана коомдук турмуштун бардык жактарын өнүктүрүүгө жардам берүү;
  • ата мекендик жана дүйнөлүк маалымат булактары менен тез жана бирдей камсыз кылуу;
  • Улуттук маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү;
  • Кыргызстандын документалдык мурастарын сактоо;
  • дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке кирүү.

Ушундай коомдук миссиялардын эсабинен кийин Улуттук китепкана төмөнкү тапшырмаларды аткарат:

  • ата мекендик документтердин толук жыйнагын, ошондой эле Кыргызстанга түз же каймана тиешеси бар башка жерден чыккан адабияттарды таап, чогултат жана андан пайдаланууну камсыз кылат;
  • толук түрдө комплекттөө жана түбөлүк сактоо принцибинин негизинде мамлекеттүүлүктүн, коомдук турмуштун түрдүү жактарын, республиканын илим, маданият жана билим берүүсүн өнүктүрүү үчүн керек болуучу ата мекендин жана чет элдердин адабияттарынын ар жактуу универсалдуу фондун түзүү жана андан пайдаланууну камсыз кылат;
  • китепкана фондун ар дайым сактоону, реставрациялап калыбына келтирүүнү камсыз кылат;
  • кыргыз китептери менен кол жазмаларын республикабыздан же чет өлкөлөрдөн издеп, таап, (сатып) алууну уюштурат;
  • каталогдордун жана картотекалардын системасынын жардамы менен китепкана фондун илимий кайра иштеп чыгууну жана ачууну камсыз кылат;
  • республикалык алмашуучу-резервдин фондун жана аз колдонулуучу адабияттарды кайра бөлүштүрүү уюмун түзүүнү камсыздайт;
  • илимий, техникалык жана маданий баалуу адабияттарды депозитардык сактоону уюштурат;
  • мамлекеттик маанидеги тапшырмаларды чечүүгө байланышкан суроо-талаптарды тез аранын ичинде канааттандырууну ишке ашыруу үчүн окурмандарды жана абоненттерди китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык жактан тейлөөнү уюштурат;
  • республикабыздан тышкары жашаган кыргыз – окурмандарды маалыматтык жана справкалык-библиографиялык жактан тейлөөнү уюштурат;
  • улуттук библиографиянын борбору болуу менен республика жөнүндөгү ата мекендик жана чет элдик басмаларда чыккан максималдуу толук күндөлүк жана ретроспективдүү библиографиялык маалыматтарды жыйнайт, жыйынтыкталган «Кыргызстан» каталогун түзөт жана алып барат.
  • республикада автоматташтырылган маалыматтык-китепканалык системаны түзүүнү камсыздайт;
  • китепканатаануу, библиография жүргүзүү жана китепжүргүзүү боюнча илимий-изилдөөчү жана илимий-усулдук мекеменин ишин алып баруучунун кызматын аткарат;
  • китепкананын иш-аракетинин бардык аспектисине байланышкан социологиялык жана маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт;
  • эл аралык китепканалык тейлөөнү жана кызматташтыкты иш жүзүнө ашырат;
  • эл аралык ктиепалмашуу жана абонементтин республикалык борборунун кызматын аткарат;
  • республиканын китепканалык ишин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө таасирин тийгизет;
  • китепкана адистеринин билимин жогорулатууну уюштурат; кесиптик билим берүү системасына түздөн-түз катышат.

Структуралык бөлүмдөр

Структуралык бөлүмдөр

КР УКнын директору Бакашова Жылдыз Кемеловна

КР УКнын директору Бакашова Жылдыз Кемеловна

Билими жогорку, филология илимдеринин доктору, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси

Бакашова Ж.К. өзүнүн эмгек жолун 1984-жылы Кыргыз улуттук университетинин телерадиожурналистика кафедрасынын окутуучусу катары баштаган.

1992-2000-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эларалык жана парламентер аралык байланыштар Комитетинин эксперти, ЖК Эл өкүлдөр Жыйынынын Төрагасынын кеңешчиси болуп коомдук башатта кызмат өтөгөн.

1999-2003-жж. КУУнун телерадиожурналистика кафедра башчысы, андан кийин ошол эле окуу жайдын журналистика факультетинин деканы.

2003-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын проректору болуп дайындалган.

2005-ж. май-июль айларында КР Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын Секретариатынын эксперти.

2005-ж. июль айында конкурстук негизде ЮСАИД Жогорку билим берүү академиясынын TeachEX проектисинин «Кыргызстандагы БУУ индустриалдык күчөтүү жана омоктуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу» проектисинин

эксперти болуп кирген.

2005-ж. 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору болуп дайындалды.

Бакашова Ж.К. – «Байыркы кыргыздардын элчилик байланыштарын изилдөө» аттуу илимий проектинин автору жана жетекчиси.

5 монографиянын, 30дан ашуун илимий эмгектердин автору, 40тан ашуун илимий басылмалардын редактору.

Бакашова Ж.К. КМШ өлкөлөрүндү жана бшка чет мамлекеттерде белгилүү инсан. Анын илимий эмгектери Казакстанда, Польшада, Россияда, Түркияда жана Украинада басылып чыккан.

2003-жылдан баштап Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинин филология факультетинин докторлук диссертацияларды жактоо боюнча Атайын Кеңешинин мүчөсү.

2004-жылдан баштап «Үмүт-Консалт» фирмасынын төрайымы.

Структуралык бөлүмдөр

Аталышы Жетекчиси Телефону
Технология жана менеджментН. Н. Сарыбаева 66 19 76
Редакциялык-басма бөлүмүИ. Г. Косицына66-21-80
Компьютердик технологиялар бөлүмүФ. В. Бакалов66-19-76
Улуттук библиография бөлүмүГ. С. Курманалиева66-19-37
Информациялык справкалык-библиографиялык иштер бөлүмүК. К. Ниязова66-18-47
Илимий-усулдук бөлүмН. Р. Байсакова66-17-57
Окурмандарды тейлөө бөлүмүЛ. С. Бенш66-19-36
Адабияттарды тейлөө бөлүмүТ. М. Фокина66-18-48
Негизги фондду сактоо бөлүмүН. Ж. Баймурзаева66-19-73
Архивдик фонд бөлүмүГ. А. Алымкулова66-19-71
Сейрек жана өзгөчө баалуу адабияттар бөлүмүА. С. Самарбекова66-17-56
Информациялык-массалык иштер бөлүмүГ. З. Бейшеева66-17-57
Маданият жана искусство боюнча илимий информациялык бөлүмүГ. Г. Штыкова66-18-51
Укуктук информациянын китепканалык борборуВ. И. Межерицкая22-46-00
Патенттик-техникалык документтер бөлүмүН. В. Адмиральская66-19-74
Китепкана аралык абонемент бөлүмүС. К. Иманкулова66-19-36
Адабияттарды иштеп чыгуу жана каталогдорду түзүү бөлүмүМ. К. Шыйкымбаева66-18-46
Агымдагы мезгилдүү басылыш бөлүмүЗ. Э. Маликова66-20-84
Чет тилдеги адабияттар бөлүмүС. К. Курмашева66-20-30
Депозитардык сактоо бөлүмүК. А. Мамбетова66-22-69
Илимий-изилдөө иштер бөлүмүГ. И. Гагарина66-13-37
Тышкы байланыштар бөлүмүС. Д. Муратова66-20-86

© 2005 Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы