Жалпы маалымат:
Укуктук информациянын китепканалык борборунун Кыргыз республикасында биринчи жолу ачылышы 1996-жылдын 18-июлунда өткөрүлгөн.
Анын демилгечиси болуп «Кыргызстандын юристтери» Ассоциациясы чыккан, ал эми техникалык жардамды Америкалык юристтер Ассоциациясы АВА (CEELI) көрсөткөн.
1998-жылдан бери бул Борборго «Сорос-Кыргызстан» фонду активдүү көмөк көрсөтүп келүүдө.
БЦПИ – бул Кыргыз республикасынын, СНГ өлкөлөрүнүн чет өлкөлөрдүн закондору жана укуктук нормалары жөнүндөгү маалыматтарды чогултуп, сактоочу жай.
БЦПИнин китеп фондусу 7000ден ашык нускадан турат, периодикалык жана агымдагы мезгилдүү басма фонду 60 000ден ашык нусканы түзөт. СНГ өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Россия, Казакстан, Узбекистан) төрт информациялык-укуктук маалымат базасында 100 000ге жакын нормативдик-укуктук документтер бар.
БЦПИнин эң башкы баалуу жагы – мамлекеттин, өкмөттүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү үчүн жеткиликтүүлүгү кандай болсо, калктын кеңири катмары үчүн деле ошондой болгондугунда.
БЦПИнин иш-аракетинин мындан ары өнүгүшүнө ООНдун алдындагы качкындар боюнча иштер Комиссариатынын Жогорку Башкармасынын, АКШ элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын, АВА Америкалык юристтер Ассоциациясынын, Евразия фондунун жана айрым жеке адамдардын финансылык жактан көрсөткөн жардамдарынын аркасында мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Максаттары жана милдеттери:
Кыргызстанда биринчи Укуктук информациянын китепканалык Борборун (БЦПИ) түзүүнүн башкы максаты – укук боюнча маалыматтардын жетишкенсиздик проблемаларын чечүү закондуулукту бекемдөө, укуктук системасынын кадыр-баркын, сыйын көтөрүү, укуктук инфраструктураны жакшыртуу.
БЦПИнин негизги милдети – укук системасындагы бардык юристтерди, мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлерин, эл агартуу системасынын өкүлдөрүн жана калктын кеңири катмарын маалымат менен камсыз кылуу.
Бөлүмдүн структурасы:
БЦПИнин базасында эки зал иштейт.
1. Окурмандарды басмадан чыккан ар кандай адабияттар менен тейлөөчү зал;
2. Компьютердик технологиялар залы.
- Окурмандарды басмадан чыккан адабияттар менен тейлөө залында укук темасы боюнча атайын адистештирилген фонд чогултулган. БЦПИнин китеп фондусунда бул теманы камтыган ар түрдүү адабияттар бар жана алардын саны 14000 китепке, 8000 периодикалык мезгилдүү басылыштарга жетет. Фонддун эң маанилүү жана керектүү бөлүгүн мыйзам чыгаруучу жана нормативдүү актылар түзөт.
- Биздин республикада атайын чыгарылган басылыштардын ролу күн санап өсүүдө. БЦПИ өзүнүн түзүлгөн биринчи күнүнөн баштап официалдуу (атайын) документтердин фонду уюштурулуп, аларды сактап жана чогултуп келүүдө. Анда 1924-жылдан баштап ушул мезгилге чейинки документтер коюлуп, составын мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлик органдарынын документтери жана эл аралык документтер түзөт.
- Окурмандарга төмөнкүдөй темаларга бөлүнгөн адабий китептерди сунуш кылабыз:
- мамлекеттин жана укуктун жалпы теориясы;
- чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жана укук тарыхы;
- конституциялык укук;
- административдик укук;
- финансылык укук;
- граждандык укук;
- үй-бүлөлүк укук;
- экологиялык жана жер укугу;
- эмгек укугу:
- кылмыш укугу;
- сот системасы;
- чет өлкөлөрдүн конституциялык, мамлекеттик укугу;
- эл аралык укук;
- эл аралык жеке адамдын укугу;
- экономика;
- коомдук илимдер.
Бул бөлүмдүн фонду системалуу түрдө толукталып турат.
Компьютердик технологиялар залы.
БЦПИнин фондунда негизги орун электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү басылыштарга берилген. Мыйзам чыгаруучу документтер жөнүндөгү 150 000дөн ашык бардык информациялар алты укуктук маалымат базасынын толук тексттүү фондун түзөт. Кыргыз мыйзам чыгаруусу жөнүндөгү документтер «Токтом», «Эдвайзер» аттуу эки базада берилген. Мындан тышкары Борбордун карамагында «Гарант» аттуу Россиянын, Казакстандын, «Право» аттуу өзбекстандын жана Тажикстандын жалпы саны 50 000 бирдиктен ашкан маалымат базалары бар. Ошондой эле БЦПИ материалдарды видеокассеталарга да чогултат.
Интернет информациялык ресурстардагы глобалдык тармактан юридикалык информацияларды издөөнү жүргүзүүдө окурмандарга толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Көрсөтүлүүчү кызматтар:
Тейлөө залында басылып чыккан басылмалар менен окурмандарга көрсөтүлүүчү кызматтар:
- китептерди үйгө берүү;
- библиографилык справкаларды аткаруу;
- темага ылайыктуу адабияттарды тандоо;
- электрондук каталог боюнча издөө.
БЦПИнин компьютердик технологиялар залында сиздерге төмөнкүдөй кызматтар көрсөтүлөт:
- Кыргызстан жана СНГ өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу маалымат базасына эркин чыгуу;
- маалымат базасынан табылган документтерди бастырып-чыгарып алуу же иштин жыйынтыгын дискетке жаздырып алуу;
- маалымат базасы менен өз алдынча иштөө үчүн компьютерди сунуш кылуу;
- маалыматтык-укуктук база менен иштөө боюнча консультация берүү;
- окурмандардын текст (MS Word) менен өз алдынча иштөөсү үчүн компьютерди сунуш кылуу;
- Интернетти пайдалануу менен окурмандардын суроо-талаптары боюнча справкаларды аткаруу.
Бул Борбордо фондду жана консультациялык кызматтарды пайдалануу акысыз жүргүзүлөт.
Материалдарды бастырып-чыгарып алуу, дискетке көчүрүп алуу жана Интернеттен пайдалануу акысы эң төмөнкү баада алынат.