4. Улуттук китепканада кандай адабияттар бар?
Улуттук китепкананын фонду 6 млн.го жакын дүйнөнүн 89 тилиндеги басылмаларына ээ. Адабияттар кыргыз, орус жана башка топтоштурулган китепкананын фонддорунда экономика, медицина, айыл чарбасы, юриспруденция, философия, тарых, жаратылыш жана техникалык илимдер, психология, педагогика жана башка илимдин тармактары боюнча адабияттар бар.
5. Мени кызыктырган информацияны кайдан жана кантип алам?
Китепкананын экинчи кабатында каталогдор залы, алфавиттик каталог, системалык каталог жана алфавиттик-предметтик көрсөткүч жайгашкан. Окурман каталогдон өзүнө керектүү карточканы табат да, китептин авторун (же ошол китептин жооптуу редакторунун фамилиясын), китептин атын жана шифрин окурмандык бланкка толтурат.
Алфавиттик каталог — бул карточкалар китептин (басылыштын) авторунун фамилиясы же китептин аты алфавит боюнча жайгаштырылган каталог.
Системалык каталог — мында карточкалар ошол изделип жаткан китеп жөнүндөгү информация ага тиешелүү илимдин тармагы жана өзүнчө тема боюнча жайгаштырылат. Мисалы, физика бөлүмүндө туризм жөнүндө информация болбойт.
Алфавиттик-предметтик көрсөткүч — системалык каталогдогу илимдин бардык тармактарынын аттары же негизги сөздөр (Мисалы, «Рыцарлар» же «Дене тарбия» ж.б.) алфавиттик тартипте жайгаштырылган.
Шифр - бул китепсактагычтагы документтин белгиленип коюлган орду.
6. УКдан кандай информация алууга болот?
Мүмкүн болушунча бардык информацияны алууга болот. Китепкананын фонду универсалдуу, 6 млн.го жакын нускадагы документтерге ээ.
Информацияны алып жүрүүчүлөрдүн өздөрү да ар түрдүү, алар – китептер, газеталар, грампластинкалар, карталар, микрофиштер, электрондук маалыматтар базалары.