|
|
|
Мидин Алыбаевдин 90 жылдык
2008-жылдын 31-январда Улуттук китепкана таланттуу акын, сатирик, драматург, котормочу Мидин Алыбаевдин 90 жылдык мааракесине арналган «Көп кырдуу көркөм дүйнө» аттуу китеп көргөзмөсүнүн ачылышына жана «Медерим» аттуу китебинин бет ачаарына чакырат.
Көргөзмө төрт бөлүмдөн турат:
- Көп кырдуу көркөм дүйнө
- «Жар болуу кыйын болоор акындарга»
- Муундар байланышы (Мидин, Райкан, Байдылда)
- Эл оозундагы Мидин
Таланттуу акын, сатирик жана драматург Мидин Алыбаев 1917-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Акындын асан чакырып койгон аты Асамидин болгон.
Ал «Карабаткак» башталгыч мектебин аяктаган соң, 1931-жылы Бишкектеги педтехникумга кирет. Бул техникум анын акын, инсан катары калыптанышына зор таасир эткен. Чыгармачылыгынын башталышы да ушул убакка туура келет. Анткени «Маданият биздин дос», «Эмгек талаасы», «Курч калемдер» аттуу ырларынын аягында 1934-жыл деп кол койгон, демек бул чыгармалар акындын 16-17 жашында эле ыр жазууга киришкендигинен кабар берет.
М. Алыбаев «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында иштеп жүргөндө (1936-1938-жж.) аскерге чакырылып, финдер менен болгон согушка катышкан. Мидиндин «Керим» аттуу поэмасы, «Урулбас ант», «Бил, душман», «Беш атар» сыяктуу ырлары «Ок» очерки ошол мезгилди чагылдырат. Согушта парашюттан секирү ү учурунда бутун сындырып алат да, 1940-жылы жерине кайтып келет. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде райкомдо бөлүм башчы, зоотехник, «Социалистик мал чарба» гезитинин кызматкери болуп иштейт. Согуш убагында «Күтчү, секет», «Соң-Көл» (1943-ж.), «Ыйлабачы», «Жоомартка»(1944-ж.), андан соң акындын курч мүнөздөгү ырлары, драмалары катар-катар жарала берген. Мидин Алыбаев сүрөтчү, балдар жазуучусу, драматург болсо да, эл алдында сатирик катары кеңири таанымал.
Улуттук китепкананын демилегси менен даярдалган, М. Алыбаевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу мааракеге мамлекеттик уюмдардан официалдуу адамдар, М. Алыбаевдин замандаштары, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, көрүнүктү ү акын жазуучулар, окурмандар жана М. Алыбаевдин үй бүлөсү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылды.
Көргөзмө 2008-жылдын 31-январында саат 1400дө Улуттук китепканада ачылат.
|