Биринчи барак Русский English
Китепкана, анын жетекчи составы, тарыхы жөнүндө жалпы 

маалымат
Китепкананын бөлүмдөрү 

жөнүндө маалымат
Китепкананын окурмандары үчүн керектүү 

маалыматтар
Китепкана көрсөтүүчү кызматтар 

жөнүндө маалымат
Китепканага келип түшкөн жаңы китептер 

жөнүндө обзор
Китепкананын негизги каталогу жөнүндө
Электрондук каталог боюнча издөө
Китепкананын өз ара байланыштары, биргелешкен проектилери жана 

шериктери жөнүндө маалымат
Көбүрөөк берилүүчү 

суроолор
Байланыш маалыматтар
 

Кыргызстандын калк китепканалар Ассоциациясы

Кыргызстандын калк китепканалар Ассоциациясы – коомдук өкмөттүк эмес уюм, 2001-жылы Кыргыз республикасынын Улуттук китепканасынын демилгеси менен уюшулган. Ассоциация өлкөнүн 11 ири китепканаларын бириктирет.

Ассоциацияны түзүүнүн негизги максаты – КРнын калк китепканаларынын ишин координациялоо жана материалдык абалына карабастан пайдалануучулардын талаптарын максималдуу түрдө канааттандыруу боюнча жалпы кызыкчылыгын билдирүү болуп эсептелет. КРнын маданий салттарын, китепканалык жана информациялык иштерин калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик мекемелердин жана коомдук уюмдардын демилгелерин колдоо менен бул Ассоциация республиканын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышат.

Башка коомдордо жана китепканалык ар кандай иш-чараларда Ассоциация калк китепканаларынын кызыкчылыгын көздөйт, ошондой эле пайдаланууну камсыз кылуу боюнча эл аралык, улуттук жана регионалдык программаларды ишке ашырууга, документалдык эстеликтерди сактоого катышат.

Калк китепканаларынын Ассоциациясы жана анын регионалдык бөлүмдөрү – областтык китепканалар Евразиянын китепканалык Ассамблеясынын коллективдүү өкүлдөрү болуп саналышат.

Калк китепканалар Ассоциациясынын штаб-квартирасы Бишкек ш., Совет көчөсү – 208, дареги боюнча КР Улуттук китепканасында жайгашкан. Ассоциациянын президенти КР Улуттук китепканасынын директору А. Д. Чыныбаева болуп эсептелет.

Калк китепканалар Ассоциациясынын областтар боюнча башкы координаттары болуп:

  • Ош областында – Ош областтык китепкананын директору;
  • Жалал-Абад областында – Жалал-Абад областтык китепканасынын директору;
  • Ысык-Көл областында – Ысык-Көл областтык китепканасынын директору;
  • Талас областында – Талас областтык китепканасынын директору.
  • Нарын областында – Нарын областтык китепканасынын директору эсептелет.

Калк китепканалар Ассоциациясы эл аралык кызматташтыкка жана информациялык алмашууга даяр.


© 2003 Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы