2022 – жылдын 10-февралында А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө «КЫРЧЫН» журналынын
70 жылдыгына карата көргөзмө уюуштурулду.
«КЫРЧЫН журналы 1952 — жылдан баштап 1991 — жылга чейин «Жаш Ленинчи “болуп чыгып, көп жылдар бою Муса Жангазиев башкы редактор болуп жетектеп келген. «КЫРЧЫН» журналынын азыркы башкы редактору Тынчтыкбек Нурманбетов.
Басылмалардын башкы редакторлору айткандай «Жаш Ленинчи» азыркы «Кырчын» журналынын «шинелинен» кыргыз журналисттеринин далай мууну өсүп чыккан. Аларды бир мууну жергиликтүү басылмаларда иштесе, айрымдары «Азаттык» « Би-би-сиде» эл аралык журналистикада өзүн көрсөтүп жатышат.Убагында миндеген окурмандарды күтүп, жаш окурмандардын сүймөнчүлүгүно айланып, жаш журналисттердин ондогон муунун өстүрүп чыгырган аталган басылмалар азыр деле жарыкка чыгып, өз чыйырын улантууда.
Журналдын максаты балдарга: кыргыз элинин каада — салтынан, сатирасынан, көркөм өнөрүнөн, адабий казынасынан кеп салып, нечендеген жаш таланттарды адабий айдынга алып чыккан басылманын улуттук басма сөз тарыхында ээлеген орду өзгөчө.
Улуттук адабиятыбыздын негиздөчүлөрү: А. Токомбаев, Т. Умөталиев, Т. Сыдыкбеков,
А. Токтомушев, К. Маликов, К. Каимов, С. Өмурбаев. сыякту авторлор балдарга арналган чыгармаларын дал ушул «КЫРЧЫН» журналына жарыялап тургандары маалым. Кыргыз адабиятында аттын кашкасындай таанымал акын-жазуучуларыбыздын көпчүлүгү чыгармачылык тушоолорун «КЫРЧЫН» журналынан кескенине сыймыктанып келишкен.
Бул көрсөтмөгө газета журналдардан алынган макалалар, ырлар коюулду.
Атай кетсек, Кырчын, Ала – Тоо, Эркин-Тоо, Кыргыз Туусу, Чуй Баяны, Советтик Кыргызстан жана башкалар.