2022-жылдын 15 -августь айында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында
Кыргыз эл жазуучусу жана искусствого эмгек сиңирген ишмер “Токтоболот Абдымомуновго 100 жылдыгына карата” календарлык көргөзмөсү уюштурулду.
Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.
1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот.
Студент кезинде эле Т.Абдымомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.
Чыгармачылыгы «Кумдуу чап»,»Курман» пьесалары менен башталат.
Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.
Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл).
Календарлык көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Ашырбай -1980,
Жакшы адамдар-1955, Сүйүу жана үмүт -1966, Жаш акындар -1949,
Жүкөш -1950, Пьесалар-1982 ж.б.
Дареги: Бишкек, Ю.Абдрахманов көчөсү, 208.Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел:30-46-83