Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү.

“Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү.
03 Мар 2023
Бүгүн, 3-мартта Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында “Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңшинин депутаты Тазабек Икрамов, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Кайыпов сындуу бир катар белгилүү коомдук ишмерлер, тарыхчылар, ЖОЖдун өкүлдөрү, этнографтар, кол өнөрчүлөр жана жаш муундун өкүлдөрү катышты.
Илимий конференциянын ачылышын министрдин орун басары Айнура Аскарова ачып, кыргыз элинин салттуу маданий мурастарын сактоо, улутка тиешелүү баалуулуктарды даңазалоо, салттуу кийимдерге байланышкан каада-салттардын ырым-жырымдарын коомчулукка жайылтуу максатында өткөрүлүп жаткан конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
Ал өз сөзүндө салттуу кийимдер кайсыл элде болбосун заттык маданияттын бир бөлүгүн түзүп келгендигин, кылымдар бою кийимдердин өнүгүүсү кандай шарттарда өзгөрүлгөндүгүн, элбизге таандык улуттук кийимдердин улуу тарыхын билип, келечек муунубуз алардын байыркы түрлөрүнүн үлгүсүн колдонуп, кастарлап кийип жаткандыгына токтолду.
Ошондой эле, ал байыртадан көчмөн элибизден сакталып келе-жаткан баалуулуктарын муундан-муунга мурас кылып калтыруу ар бирибиздин милдетибиз деп баса белгиледи.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар, кыргыз элинин салттуу улуттук кийимдеринин өзгөчөлүгү аны сактоого жана даңазалоого көрүлүп жаткан аракеттер, учурдагы бул багыттагы көйгөйлөр тууралуу орчундуу маселелерди көтөрүштү.
Жыйынтыгында кыргыздын салттуу кийимдери боюнча маалыматтарды
эпостордон, дастандардан, жомоктордон изилдөө иштери жүргүзүү, кыргыздын салттуу кийимдерин изилдөө максатында бардык аймактарга
изилдөөчүлөрдөн атайын экспедициялар жүргүзүү, улуттук баалуулуктарды аныктоо, тактоо жана аларды колдонуунун жол-
жобосу иштеп чыгуу, экспедициялардын жана архивдик иштердин негизинде топтолгон материалдарды илимий айлампага киргизип, алардын жыйынтыгын атайын илимий монография, илимий-популярдуу китептерди, каталогдорду түзүп чыгуу иштери, салттуу кийимдерге байланышкан ар кыл темада республиканын музейлеринде көргөзмөлөр жана аймактарда этнофестивалдарды уюштуруу, салттуу кийимдерди даңазалоо жана жайылтуу максатында жогорку окуу жайларында атайын дарстардын окутулушу, ошондой эле, ММК аркылуу теледастандарды ишке ашыруу менен, кол өнөрчүлөр союзун түзүү резолюциясы кабыл алынды.
Эске салсак, илимий конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнүнө карата өткөрүлдү.