2023-жылдын 16-мартында саат 13.00дө А. Осмонов атындагы Кыргыз
Республикасынын Улуттук китепканасынын Алыкул Осмонов музейинде
Редакциялык-басма жана музей иштери бөлүмүнүн кызматкерлери уюштурган
кыргыз поэзиясынын классиги, залкар акын жана котормочу Алыкул
Осмоновдун туулган күнүнө арналган иш-чара өткөрүлөт.
Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районунда Каптал-Арык
айылында төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажырагандыктан беш жашынан
Пишпек, андан кийин Токмок балдар үйүндө тарбияланат.
1936-жылга чейин «Чабуул» журналында, «Ленинчил жаш» газетасында
иштеген, 1935-жылы алгачкы ырлар жыйнагы «Таңдагы ырлар» чыккан.
Акындын «Махабат», «Жылдыздуу жаштык», «Чолпонстан», «Балдар
үчүн», «Менин жерим – ырдын жери», «Жаңы ырлар» ж.б. ырлар жыйнактары
кыргыз поэзиясынын көркөмдүк-эстетикалык деӊгээлин жаңы бийиктикке
көтөргөн.
А. Осмоновдун котормосунда Шота Руставелинин «Жолборс терисин
кийген баатыр» дастаны кыргыз тилинде тогуз ирет басылышы адабияттагы
өзгөчө окуя. Ага А. С. Пушкиндин «Евгений Онегин» романы, У. Шекс-пирдин
«Отелло», «Он экинчи түн» трагедиясы, И. А. Крыловдун тамсилдери, Ш.
Перронун жомоктору, К. Чуковскийдин «Федориканын шору» котормолору
таандык.
Ленин комсомолунун № 1-алгачкы сыйлыгы А. Осмоновго ыйгарылган.
Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары орус, англис, эстон, казак
тилдерине которулуп, төрт ыры «Дүйнөлүк акындар» альманахына кирген.
СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болгон, «Ардак белгиси» ордени менен
сыйланган. Кыргызстанда жалпысынан 20дан ашык мектеп, Тоо чокусу, бир
кеме «Алыкул» наамында. А. Осмоновдун 60тан ашык ырларына обон
чыгарылып, кинорежиссерлор тарабынан акын тууралуу тасма тартышкан.
Бул иш-чарага № 61-Автордук физика математикалык мектеп-лицей окуу
комплексинин мугалимдери жана 9-класстын окуучулары, борборбубуздагы
Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаттын мугалимдери жана
таланттуу окуучулары катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Ошондой эле китепкана кызматкерлери жана окурмандар катышышат.
Дареги: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсү, 208
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын
Улуттук китепканасы