Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекектик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын» негизинде чыгарылган китептердин бет ачары болуп өттүү.

«Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекектик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын» негизинде чыгарылган китептердин бет ачары болуп өттүү.
10 Фев 2023

Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекектик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын» негизинде чыгарылган китептердин бет ачары болуп өттүү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы –Осмоналиев Каныбек, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары– Капалбаев Октябрь, академик Мусаев Сыртбай, коомдук ишмер, саясий илимдеринин доктору, профессор Сааданбеков Жумагул, Турсунов Канат, Эрнис Турсуновдун уулу катышышты. Ошондой эле жаңы чыккын «Биз -Кыргызбыз» — Ж. Сааданбеков, «Кыргыз адабий тили: Улуттук доорго чейин жана улуттук доордо» — С.Ж.Мусаев, Т.С.Мусаева, «Коңгуроолуу саат» — Г. Холматова, «Балдар үчүн котормолор» Э. Турсунов китептерди Улуттук китепканага белекке тапшырышты. Улуттук китепканасынын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына жана авторлорго терең ыраазычылык билдиребиз!