Кыргыз Республикасындагы Пакистан Ислам Республикасынын элчилигинин кеңешчиси Марван Алекс Айяш мырза таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында болду. Жолугушууда эки өлкөнүн китепканаларынын кызматташуу маселелери жана тажрыйба алмашуулар талкууланды.