2023-жылдын 11-апрелинде саат 10.00 дө Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Ч. Айтматов атындагы кыргыз-түрк мададият борбору залында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист жана жазуучу Баратбай Аракеевди эскерүү боюнча иш-чара болуп өттү.
Баратбая Аракеев 11-апрелде 72 жашында каза болгон.
1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында туулган. Айылдык мектепти аяктагандан кийин эки жыл аскерде кызмат өтөгөн.
Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ал популярдуу басма сөз каражаттарында, ошондой эле телевидениеде иштеген.
Режиссер Асанкожо Айткиеев «Чал күйөө» чыгармасынын негизинде «Сокур кемпир көрөгөч» фильмин тарткан.