2022-жылдын 3-мартында Эгемендүү Кыргыз Республикасында Мамлекеттик туунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын, Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө көргөзмө уюштурулду.
Эскерсек, “1992-жылдын 3-марты N 787-XII Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому”, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги жөнүндө, өңчөй кызыл кездемеден жасалып, ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түспөл күндүн, анын ичине — кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн желек Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги деп бекитилген. Желектин авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыковдор болгон.
Көргөзмөгө төмөнкүлөр коюлду: Кыргыз Республикасынын Конституция, Кыргыз желеги, туунун газетадан алынган эскизинин көчүрмөсү, китептер жана газета, журналдардан алынган макалалар коюлду.
Дареги: Бишкек ш, Абдрахманов көч.208, Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө