Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Кытай билим жана маданият борборунда, Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин демилгеси менен “Кытай Эл Республикасынын түптөлүшүнө 73 жыл” аттуу темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чарага КР нын тышкы иштер Министиринин орун басары А. Мадмаров, КРнын Президентинин астындагы Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директору Канатбек Азиз, КРнын Жогорку Кеңештин депутаттары: И.Масалиев, А.Малиев, Ханджеза К. жана КРнын Президентинин астындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын Ректору А.Акматалиев, КРнын Улуттук университетинин Ректору Т.Абдырахманов, К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинин Ректору А.Мусаев, КРнын Аялдар конгрессинин президенти З.Акбагышева, ж.б.коноктор катышышты.
Илимий-практикалык конференцияны А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын илимий иштери боюнча директордун орун басары Н.Байсакова куттуктоо сөзү менен ачып берди.
Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер, экономикалык, стратегиялык изилдөөлөр , маданият, искусство багыты боюнча кенен маалымат берип, катышуучулар андан ары улай эки мамлекеттин ортосундагы аткарылып жаткан иштери жана алдыга коюлган максаттар, проектилер боюнча талкуулашты.
Иш-чаранын аягында Улуттук китепканага Кытай элчилигинен кыргыз жана орус тилинде «Бугунку Кытай» атту китептер белекке берилди.