Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана баалуу китептерди сактоо бөлүмүндө Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Султан Ибраимовдун туулган күнүнө 95 жыл (1927-1980) аталышындагы китеп-сүрөт көргөзмө коюлду.
Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Элеттеги мектепте билим алып жүргөн кезинде Улуу Ата Мекендик согуш башталып калып, 14 жаштагы өспүрүм өзү курактуу балдар менен биргеликте таалада трактор айдап, колхоздо иштеп жеңишке өз салымын кошкон.