Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 15-майда Маалымат-массалык иштер жана маданий программалар бөлүмү тарабынан, аталган бөлүмдүн “Китеп жана окурман”аттуу иш-чарасынын алкагында театр таануучу, публицист, драматург Людмила Молдалиеванын “Сахна, сахна, сахна” жана “Мен-кыргызмын” китептеринин бет ачаар аземи өткөрүлдү.
Иш-чарада КР маалымат , спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бектеналиев Мукталы Абдыбекович, КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, КРмаданиятына эмгек сиңирген ишмер Керимбек Кадыракунов, КР Эл акыны Меңди Мамазаирова, КР Эл акыны Асан Жакшылыков, КР Эл акыны Тынчтыкбек Нурмамбетов, КР Эл артисти Назира Мамбетова, КР Эл артисти Мелис Шаршенбаев, КР Эл артисти Лариса Любомудрова, КР Эл артисти Асыл Набиева, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыбек Максүтов, КР Эл жазуучусу, драматург Жаныш Кулмамбетов, белгилүү акын Жедигер Саалаев, белгилүү жазуучу Бүбүйра Б ектенова, прозаик Гаарба Орозматов, КР Жазуучулар Союзунун жооптуу катчысы ,балдар жазуучусу Жылдыз Акаева, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын көркөм жетекчиси Руслан Курманалиевдер сөз сүйлөштү. Андан сырткары китептин бет ачаарына акын-жазуучулар, театр ишмерлери, коомдук ишмерлер катышты.