А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында Америка Кошмо Штатынын жараны, Монтана Мамлекеттик Университетинин магистранты, Акылай Байматованын Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча «Манас» үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет-ачар аземи өттү.
Китептин бет – ачар аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз улуттук «Манас» театры директору Азиз Биймырза Уулу , белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты.
Бет ачаардын жүрүшүндө «Манас» эпосунун бүгүнкү күндөгү орду, аны даңазалоо жана сактоого мамлекеттик деңгээлде көрүлүп жаткан камкордуктар, ошондой эле эпостун чет тилдерге которулуп китеп болуп жарык көрүшү
#Манас эпосуна болгон кызыгуу көп жана аны сактоого тиешелүү деңгээлде мамлекет тарабынан колдоо бар экенин Азамат Жаманкулов белгилеп өттү.