2022-жылдын 24-февралында КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү басылмалар бөлүмүндө улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун туулган күнүнүн 155 жылдыгына, залкар манасчы Шаабай Азизовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына ошондой эле адабиятчы, манас изилдөөчү Самар Мусаевдин туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата «Манас» классикалык эпопеянын мыкты үлгүсү» атуу көркөм окуу, адабий музыкалык тегерек стол болуп өттү.
Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, бата айтуу устаты Калканбай Ашымбаев, манасчы, Кыргыз улуттук Манас театрынын көркөм жетекчиси Замирбек Баялиев, манасчы, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси Асанаалы Калил уулу, «Манас эл» коомунун мүчөсү,маданият бөлүмүнүн алып баруучусу, «Алтын калем» дипломунун ээси, КР Жзуучулар союзунун мүчөсү Күлсүнбүбү Соорбекова катышып сөз сүйлөдү. Бишкек шаарынын Биринчи май районунун № 81 орто мектептин окуучулары «Манас» эпосунан кыскача үзүндүлөрдү айтып беришти.