Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Мидин Алыбаевдин 105 жылдыгына карата “Мидин Алыбаев- акын сатирик жана драматург” аттуу календарлык көргөзмөсү уюштурулду

Мидин Алыбаевдин 105 жылдыгына карата “Мидин Алыбаев- акын сатирик жана драматург” аттуу календарлык көргөзмөсү уюштурулду
18 Ноя 2022

    2022-жылдын  18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк мададият борбору залында Мидин Алыбаевдин 105 жылдыгына карата “Мидин Алыбаев- акын сатирик жана драматург” аттуу календарлык көргөзмөсү уюштурулду.

Алыбаев Мидин,  акын-сатирачы, драматург. Жумгал районунун Чаек айылында 1917-жылы туулган.
М.Алыбаевдин чыгармачылыгы педтехникумда  окуп жүргөн кезинде башталып, «Сабаттуу бол» аттуу дубал гезитке ырлары үзүлбөй чыгып турган. 1937-жылы М. Алыбаевдин «Бактылуу жаштык” деген биринчи ырлар жыйнагы чыгат. Сатирачы катары “Ак чүч” аттуу сатиралык жыйнагы жарык көргөн.  М.Алыбаевдин «Курорттогу окуя» аттуу көп актылуу комедиясы Кыргыз Мамлекеттик драма театрында коюлган.
Акын А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун, Г.Гулямдын, В.Саяновдун, В.Маяковскийдин бир катар чыгармаларын которгон. Ал балдар адабиятынын  өнүгүшүнө аз да болсо өзүнүн салымын кошуп , “Жомокчу мерген”, “Эки бүркүт”, “Эмне үчүн корооз таң алдында чакырат” аттуу чыгармаларын жаш окурмандарга тартуулаган.

Акын драматургия жанрында да ийгиликтүү иштеп “Жантектин керээзи”, “Курорттогу окуя”, “Зоотехник Буйлашов” деген драмаларды да жазган.

Календарлык көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Кызыл жылдыз, Ак чүч, Ырлар жыйнагы, Тандалган чыгармалар, Медерим   Ырлар, поэмалар,сатиралар.Жомоктор. Эмне үчүн корооз таң алдында чакырат, Карыган дубду канаттуулар кантип сакташты. Юность ж.б.