Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 000 нускада басылып чыккан 100 аталыштагы китептер республикабыздагы облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларга тапшырылды.
Китептерди жер-жерлердеги китепканаларга жеткирип, таркатуу иши Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага жүктөлүп, китеп кербенин Улуттук китепкананын директору Айнура Аскарова өзү жетектеп, Чүй, ЫсыкКөл, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустук китепканаларында болду.
![]()
![]()
![]()
![]()
![]()
![]()
![]()
![]()
![]()
Эске салсак, бул китептер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында А. Осмонов атындагы Улуттук китепкана аркылуу даярдалып, басмага берилген.
Аталган долбоор акыркы эки жылдан бери окурмандардын сурооталабын эске алуу менен ишке ашырылып, кыргыз маданиятын, улуттук нарк-насилди, адабиятты, анын ичинде балдар адабиятын өнүктүрүүгө зор салым кошуу менен бирге акын-жазуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн колдоо, алардын эмгектерин окурмандарга жеткирүү максатын көздөйт.
Жарык көргөн китептердин катарында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыктарынын негизинде улуттук нарк-насилди, улуттук идеологияны таанытууга багытталган, ошондой эле 1958–1960-жылдары профессор Б.М. Юнусалиевдин жалпы редакциясы астында чыккан, улуттун улуу мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору, кыргыз адабиятынын баштоочуларынын китептери, акын-жазуучулардын көркөм-адабий чыгармалары, ошондой эле дүйнөлүк адабияттын мыкты чыгармаларынын котормолору, заманбап өнүгүүгө шыктандыруучу китептер бар. Балдар адабиятына да өзгөчө басым жасалып, элдик оозеки чыгармачылыктан баштап, акын-жазуучулардын балдарга арналган чыгармалары иллюстрациялык жасалгалоо менен жарык көргөн.