Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын маалымат-массалык бөлүмү тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Китеп – бул маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өткөрүп берүүнүн бир формасы. Алгачкы китепти вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак ылай тактачага учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан.
“Китеп адамдарды байланыштырат” деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов айткандай, китеп адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири. Ал адамды өз башатына баш багууга, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушуна сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет.
Китеп – илим-билим, маданият, адабий-көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты болуп саналып, коомдук мааниге ээ. Бир элде басылган, сакталган, таратылган китеп ошол элдин маданияты болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен «23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп белгилөө шартын кабыл алган. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен коомчулукту тааныштыруу багыттары аныкталган.
Көргөзмөгө коомго белгилүү инсандардын, коомдук ишмерлердин эмгектери, китеп тууралуу жазылган адабияттар, публицистикалык жана мезгилдүү басылмаларга жарыяланган макалалар коюлду. Көргөзмө иллюстрациялар жана цитаталар менен толукталды.