Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

5-октябрда Улуттук китепкана Онлайн форматта иштейт

5-октябрда Улуттук китепкана Онлайн форматта иштейт
02 Окт 2026

2026-жылдын 5-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы онлайн форматында иштейт.

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына таянсак, борбор каалабызда «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт, иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу шаарда транспорт агымынын көбөйүшү жана жол тыгындарынын жаралышы күтүлөт.
Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында, Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү онлайн форматта өткөрүлөт.