Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Аттокуров Элдар Эртабылдиевич 2-ноябрь — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Урматтуу маданият жана искусство кызматкерлери!
Кадырлуу кесиптештер, китепкана тармагынын адистери!
Бүгүн биз өлкөбүздүн руханий дүйнөсүн байытып, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап келген улуу кесиптин ээлерин — Маданият кызматкерлеринин күнүн белгилеп жатабыз. Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Маданият — бул элдин жаны, анын өткөнү менен келечегин байланыштырган алтын көпүрө. Ал эми китепканалар — ошол көпүрөнүн негизги тиреги, адамзаттын акыл-эс казынасынын бешиги. Илим-билимдин туткасын кармаган китепкана кызматкерлеринин эмгеги өзгөчө урмат-сыйга татыктуу. Азыркы санариптештирүү жана жаңы технологиялар заманында да сиздер коомдун интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө, окурмандардын жан дүйнөсүн агартууга жан үрөп кызмат кылып жатасыздар. Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин аркасы менен китепканаларыбыз жөн гана китеп сакталган жай эмес, заманбап билимдин, маданияттын жана чыгармачылыктын чоң борборуна айланды. Заман канчалык өзгөрбөсүн, китептин жана маданияттын баалуулугун өчүрбөй, жарык чачып келе жатканыңыздар үчүн, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем! Ар бир баштаган ишиңиздер жемиштүү болуп, окурмандарыбыздын алкышына бөлөнө бериңиздер. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык бийиктиктерди, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!
Майрамыңыздар куттуу болсун, кымбаттуу кесиптештер!