Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«А.К.А.К. Манас илими» китебинин бет ачары өттү

«А.К.А.К. Манас илими» китебинин бет ачары өттү
01 Июл 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Касиет» академиясынын жетекчиси, изилдөөчү Шаршенаалы Кабатегиндин «А.К.А.К. Манас илими» аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Асан Жакшылыков, манас таануучулар, белгилүү окумуштуулар, коомдук ишмерлер жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү катышты.


Жыйында кыргыз иденттүүлүгү, «Манас» эпосунун руханий-философиялык баалуулугу, сөз кудурети жана улуттук аң-сезимди бекемдөө маселелери талкууланды. Катышуучулар жаңы эмгектин манас таануу илимин өнүктүрүүгө жана улуттук баалуулуктарды кеңири жайылтууга кошкон салымын белгилешти.
Аталган китепти «Манас» эпосунун илимий негизде изилденишине жаңыча салым кошуп, улуттук аң-сезимди жана руханий дөөлөттөрдү чыңдоого кызмат кыла турган баалуу эмгек катары жогору баалашты.