Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Жеңиштин баасы” аттуу темада көркөм окуу боюнча иш-чара жогорку деңгээлде өттү

А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Жеңиштин баасы” аттуу темада көркөм окуу боюнча иш-чара жогорку деңгээлде өттү
24 Апр 2025

Бүгүн, 24-апрелде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы “Кыргыз китеп” бөлүмү тарабынан даярдалып, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Жеңиштин баасы” аттуу темада көркөм окуу боюнча иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун мүчөсү, журналисттер сыйлыгынын лауреаты, көптөгөн китептердин автору Гүлмайрам Саалаева эмгек жолундагы көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында жазган китептери, согуштун баатырлары, ардагерлери жөнүндө катышуучуларга кеңири айтып берип: «Кийинки жаш муундар согуштун тарыхын жакшы билиши зарыл. Ошондо гана алар тынчтыктын баркын билет», — деп белгиледи.

 

 

Көркөм окуу иш-чарасына коомчулук өкүлдөрү, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институттун студенттери, Бишкек шаарындагы Свердлов районуна караштуу №94 жалпы орто билим берүүчү  мектептин окуучулары катышып, өздөрү даярдап келген согуш, тынчтык, жеңиш темасындагы ырлардан көркөм окуп, ырдап беришти. Ошондой эле китеп көргөзмө уюштурулуп, ага Кыргызстандын баатырларынын сүрөттөрү, китептер коюлду.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.