Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Адамзаттын азыгы — китеп

Адамзаттын азыгы — китеп
21 Апр 2026

2026-жылдын 21-апрелинде А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү Адамзаттын азыгы – китеп” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Анда эң чоң (72х52 см) жана эң кичине (5х5 мм) китептер жайгашкан.

2026-жылдын 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата уюшулган китеп көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!

Белгилей кетсек, 23-апрель — дүйнөлүк адабият күнүн белгилөө үчүн мааниси бар дата. Алсак, Сервантес, Шекспир, Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн өткөн. Ушундан улам ЮНЕСКО уюмунун Генералдык конференциясы бул күндү китеп жана автордук укукту урматтоо максатында белгилөө резолюциясын кабыл алса, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө токтомун 2002-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.