Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Айтматов жана Турсунзода: Тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары”…

“Айтматов жана Турсунзода: Тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары”…
18 Май 2026

 2026-жылдын 18-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында Кыргызстан менен Тажикстандын «Айтматов жана Турсунзода: тынчтыктын жана достуктун даңазалоочулары» аталыштагы илимий-адабий жолугушуу болуп өттү.

Эки мамлекеттин маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого  багытталган жана Тажикстандын Маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Тажикстан Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары Назариён Обид Одилзода, Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана белгилүү акын, жазуучулар, окумуштуулар, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү катышып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов (1928-2008) менен тажик акыны, жазуучусу Мирзо Турсунзоданын (1911–1977) адабий мурасы, тынчтык жана эки мамлекеттин достугун даңазалаган чыгармачылыгы тууралуу сөз кылышты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрү 2026-жылдын 17–майынан 22-майына чейин өтөт. Иш-чарага катышуу үчүн Тажикстандан Кыргызстанга кечээ, 17-майда 94 (расмий жана чыгармачыл) делегация келген.

Маданий иш-чаралар бүгүн, 18-майдан башталып, концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалар уюштурулду.

Маданият күндөрү эки элдин маданий алакаларын бекемдеп, достук мамилелерди дагы да тереңдетүүгө багытталган.