
А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы эртең, 5-мартта көктөмдүн келиши менен, салтка айланып калган “5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүн” белгилейт. Улуттук баш кийимди жана кыргыз элинин салттуу кийимдерин даңазалоо, каада-салтты сактоо максатта “Ак кар жатса тоолордо — Бийиктигин билдирет. Калпак кийген кыргыздын — Ыйыктыгын билдирет” аталыштагы салтанаттуу иш-чара өткөрөт.
Улуттук баш кийим, салттуу кийим, китеп көргөзмө, оюн-зооктор менен коштолгон иш-чара саат 11:00до башталат.
Эске сала кетсек, “5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” деп кинорежиссер Ырысбек Жабировдун демилгеси менен Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылы бекитилген.