Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Акын Гүлжамила Шакирова эскерилди

Акын Гүлжамила Шакирова эскерилди
06 Апр 2026

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында акын, жазуучу Айсалкын Сооронбаеванын “Өрүкзар гүлдөгөн кезде”, “Балдар үчүн жомоктор” жана акын Гүлжамила Шакированын (1955-2023) жаркын элесине арналган “Ырга айланган өмүр” китептеринин таанытымы болуп өттү.

Уюшулган иш-чарага белгилүү акын, жазуучулар: Карбалас Бакиров, Кыялбек Урманбетов, Бактыгүл Чотурова, Бурулкан Карагулова, Бурулкан Сарыгулова, Бактыгүл Сейитбекова, Атантай Акбаров, Кален Сыдыкова, Жумадин Кадыров, Кайрат Иманалиев, Кундуз Маматова, атактуу композитор Атайбек Бөдөшов, обончу, аткаруучу Мамарасул Мавлянов жана Гүлжамила Шакирова түзүп кеткен “Бул ырчылар мурда кайда эле” тобу (учурда Рая Нургазиева жетектейт) катышты.

Катышуучулар алгач маркум Гүлжамила Шакированы эскеришти: баскан жолун, чыгармачылыгын айтып, адабиятка кошуп кеткен салымы тууралуу сөз кылышты. Маркумдун ырлары окулуп, обондуу ырлары жаңырды.

Андан кийин Айсалкын Сооронбаеванын “Өрүкзар гүлдөгөн кезде”, “Балдар үчүн жомоктор” китептеринин таанытымы болуп, айрыкча балдар адабиятына кошкон салымы баса белгиленди.