2026-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылындагы Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык маданий комплексинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына, Алыкул Осмонов атындагы адабий ийримдин 45 жылдыгына арналган “Алыкул фест-2026” эл аралык поэзия фестивалы жана ыр сынагы болуп өттү.

Уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Эсенаманова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Элдар Аттокуров, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Жаңыл Түмөнбаева, манасчы, драматург, режиссёр Табылды Актанов, Казакстан Республикасынын өкүлү Болот Батыр, Өзбекстан Республикасынын өкүлү Илхом Юсупов, Тажикстан Республикасынын өкүлү Хокимжон Зокиров жана белгилүү акын, жазуучулар, окумуштуулар катышты.
Иш-чара залкар акын Алыкул Осмоновдун эстелигине гүл коюу менен башталды. ГИМН жаңырып, манас айтылды. Алыкул Осмоновго арналган китеп көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк жарманкеси уюштурулду.

Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана китеп көргөзмө уюштурду.
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыка драма театрынын өнөрпоздору Алыкул Осмоновго арналган «Өлбөстүккө ода» спектаклин тартуулашты.
Аягында Алыкул Осмоновдун өмүрүн, чыгармачылык мурасын жана инсандык бейнесин жаңы поэтикалык табылгалар аркылуу даңазалоо, эгемендүүлүк идеясын жана мекенчилдик баалуулуктарын көркөм сөз аркылуу жайылтуу, ошондой эле жаш таланттарды колдоо жана адабиятка болгон кызыгууну арттыруу максатта үч багыт боюнча («Алыкул – Ата-Журттун акыны»; «Эгемендүүлүк – эл энчиси»; «Чүйүбүз – куттуу үйүбүз») уюштурулган ыр сынактын жыйынтыгы угулду. Баш байгени акын Нурлан Камчыбеков жеңип алды.
Жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун, Алыкул Осмонов атындагы эл аралык фонддун жана Алыкул Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык маданий комплексинин Ардак грамоталары, медалдары, «Алыкулдун алтын калеми» сыйлыгы, Ыраазычылык каттары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.