2026-жылдын 25-августунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында «Кытайдын Нанкин жумалыгы» жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода-маданий алмашуу иш-чараларынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чаранын ачылышында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын илимий иштер боюнча директорунун орун басары Кырчообаева Сайрагүл Асанбаевна, Бишкектеги Кытай маданий борборунун директору Гао Чэнь жана Нанкин шаарынын Элдик өкмөтүнүн тышкы иштер канцеляриясынын директорунун орун басары Сунь Мань куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институтунун директору Абдылдажан Амантурович Акматалиев «Классиканы которуу — адабияттарды байланыштырган көпүрө» аттуу баяндама жасады.


Иш-чаранын алкагында «Салттардын өрүлүшү: Нанкин парчасы менен Борбордук Азия кийизинин диалогу» тематикалык көргөзмөсү жана «Нанкинди окуйбуз» кытай-кыргыз маданий алмашуу китеп бурчу ачылып, Улуттук китепкананын фондуна алгачкы топтому тапшырылды.
Кытай Борбордук Азия жаштарынын биринчи үч саптуу ырлар сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.