3-июнда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиевдин согуш жылдарында жазган чыгармаларын камтыган «Жеңиш» деп аталган ырлар жыйнагынын бетачары болуп өттү.
Иш-чарага Венгриянын Кыргызстандагы атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Шандор Дороги, акындын небере кызы, маданият таануу илиминдеринин доктору Үмөталиева-Баялиева Чынар Темиркул кызы,
туугандары, замандаштары, акындын «Үч баатыр» деп аталган чыгармасынын каармандары – Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары Кубат Жуматаев, Асылкерим Осмонов жана Апсамат Ашырбаевдин балдары, туугандары,
акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана Бишкек шаарындагы Темиркул Үмөталиев атындагы № 67 жалпы билим берүүчү орто мектептин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Темиркул Үмөталиевдин үй-бүлөсүнүн архивинен алынган сүрөттөрдөн видео-слайд көрсөтүлүп, акындын согуш жылдарында да бир колуна курал, бир колуна калем кармап, эл-жерге болгон сүйүүсүн чагылдырган ырларды жаратканы жөнүндө кеңири сөз болду. Ошондой эле анын ырлары көркөм окулду.
Акын Темиркул Үмөталиев Аксы районуна караштуу Төө-Жар айылында 1908-жылы 1-майда туулган. 1918-жылы атасынан ажырап, 1925-жылы Ак-Суудагы жетим балдар үйүнө алынып, бир жыл балдар үйүндө тарбияланган. Андан соң, Оштогу педагогикалык окуу жайына жиберилген. Кийин, Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайына которулуп, аны 1929-жылы бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим, кызыл үйдүн башчысы жана райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарган.
1928–1929-жылдары техникумда окуп жүргөндө Т. Үмөталиевдин кабарлары «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жылдары Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935–1937-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.
Т. Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.
1946–1953-жылдары «Ала-Тоо» журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун бащкармасынын төрагасы болгон.
Т. Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. «Баатыр» аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.
Т. Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Акындын чыгармалары орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдеринде которулган.
Т. Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон. 1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган. Ленин «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл жылдыз», «Ардак белгиси» ордендери, «Кавказды коргогону үчүн», «Будапештти алганы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдарынын ээси.
1982-жылы «Тоо гүлдөрү» аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.