2026-жылдын 19-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында залкар акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата «Алыкулдун Ак боз аты — Аалам кезип баратат» аттуу эл аралык иш-чара болуп өттү.


А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана, А.Осмонов атындагы эл аралык фонд жана Мажарстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги биргеликте уюшулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Маданият башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Мажарстан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги, Мажар улуттук банкынын көзөмөл кеңешинин төрагасы, «Консервативдүү өнөркана» фондунун камкордук кеңешинин төрагасы Ференц Папчак, кыргыз-мажар котормочусу, түрколог, этнограф Даут Кара Шомфаи, А.Осмонов атындагы мамлекеттик мемориалдык комплексинин директору Замирбек Асаналиев, А.Осмонов атындагы эл аралык фондунун жетекчиси Бек Осмонов, Алыкул таануучулардын бири, публицист Мундузбек Тентимишев, белгилүү акын, жазуучулар жана коноктор катышты.
Иш-чара Улуттук китепкананын алдында орнотулган Алыкул Осмоновдун айкелине гүл коюу менен башталды.


Коноктор китеп, сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.




Ч.Айтматов залында Даут Кара Шомфаинин кыргыз-мажар (венгр) тилине которгон А.Осмоновдун “Көл толкуну” китебинин бет ачары болуп, котормо боюнча жогорку баа берилди.
Аягында сыйлыктар тапшырылды. Ференц Папчак менен Даут Кара Шомфаи А.Осмонов атындагы төш белги менен сыйланды.

