Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Бабалар жолу”

“Бабалар жолу”
03 Ноя 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин № 231 “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 3-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Чыңгыз Айтматов залында Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата китеп китеп көргөзмөсү уюштурулуп, “Бабалар жолу” аталыштагы эскерүү иш-чара болуп өттү.


Уюшулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, Кыргыз Эл Баатыры Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер, тарыхчы, санжырачы Дастан Сарыгулов, тарыхчы, архив таануучу, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев, “Бабалар жолу” коомдук кыймылынын төрагасы Таштан Мамбеталиев, А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана белгилүү тарыхчылар, окумуштуулар, мамлекеттик, коомдук ишмерлер катышты.

Тарыхый инсандар тууралуу баяндама жасалды. Катышуучулар бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин № 369 «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгы менен үндөшүп турганын айтышып, XVII-XVIII кылымдардагы тышкы баскынчыларга каршы күрөшкөн Эр Солтонойго жана анын замандаштары Кубат бий, Кара Бото, Бердике берен, Атаке баатыр, Хан Садыр, Жайыл баатыр, Бирназар бий, Маматкул бий, Нышаа баатыр, Момокон баатыр жана башка тарыхый инсандарды эскеришти.

“Бабалар жолу” эскерүү иш-чарасы – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган ыйык мурасын, ишмердүүлүгүн жана эрдиктерин кийинки муунга жеткирүү менен жаштарды мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды урматтоого багыттоо аркылуу мамлекетибиздин келечегин бекемдерин баса белгилешти.

Иш-чаранын аягында төмөндөгүдөй Резолюция кабыл алынды:
1. Жаштарды мекенчилдикке, улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо;
2. Тарыхый инсандардын элесин чагылдырылган туристтик локацияга айланган мемориалдык комплекстерди салуу боюнча жетекчиликке сунуштоо;
3. Жыл сайын “Бабалар жолу” эскерүү аземин Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында өткөрүп туруу.